Бишкекте «Сергек жашоо ыңгайы» темасына V Билим фестивалы старт алды

April 28, 2017, 06:00

Бишкекте Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында (КМДТжСА) бүгүн «Сергек жашоо ыңгайы» темасына V Билим фестивалы старт алды.

 

Бул иш-чараны уюштуруучулар Бишкек шаарынын мэриясы жана КМДТжСА менен бирдикте «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду (ЭКФ) болду.

 

Билим фестивалына 170тен ашык катышуучу уюм катышып жатат. Фестивалдын өнөктөрү 17 мамлекеттик, коомдук, жеке жана жаштар уюмдары болууда. 

 

 

Ачылыш аземинде КМДТжСАнын ректору Токтобек Иманалиев белгилегендей, бул иш-чара эл үчүн эң маанилүү окуя. Фестивалдын максаты – бул жаштарды сергек жашоо ыңгайына чакыруу.

 

«Бизде келечекте дени сак муун болушу үчүн биз балдарды жаштайынан өзүнүн ден соолугун кароого үйрөтөбүз. Фестивалдан кийин балдар өзү үчүн пайдалуу нерселерди алат деп үмүттнөм», - деп айтты Т.Иманалиев.

 

КР экс-президенти Р.Отунбаеванын атынан «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Догдуркуль Кендирбаева бардыгы менен саламдашты жана фестивалдын башталышы менен куттуктады. «Бизде болгон эң башкы нерсе – бул жаштар жана алардын дени сак болууга тийиш. Ошондуктан бул жолу биз спортту пропагандалап жатабыз», - деп белгиледи ал.

 

Биринчи кезекте Жаштардын иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов да бардыгын спорт менен машыгууга чакырды. «Анткени жыл сайын дары-дармектерге жана оорулууларды дарылоого эбегейсиз көп акча чыгымдалат, бирок бул каражаттарды билимге жана оорунун алдын алууга пайдалануу дурус. Эгерде ар бир адам өз ден соолугуна жооптуу мамиле кылса жана сергек жашоо ыңгайын жүргүзсө жана спорт менен машыкса, дары-дармектен арылууга болот. Фестиваль өзүнүн түшүмүн берди деп ойлойм», - деп баса белгиледи ал.

 

Фестивалдын биринчи күнүндө, 28-апрелде, борбордун мектеп окуучулары экскурсиялык маршруттар боюнча өтөт жана Дене тарбия академиясы менен таанышат.

 

Белгилүү спортсмендер менен жолугушуулар, сергек жашоо ыңгайы темасына дене тарбия мугалимдери үчүн лекция, мастер-класстар, колледждерден жана лицейлерден кесипке багыт берүүчү көргөзмө, Бишкектин мектептеринин арасында «Биз сергек жашоо ыңгайын жактайбыз» темасына мыкты плакаттардын көргөзмөсү жана «Шаардык маектешүү» күтүлүп жатат, ал жерде мектептерде массалык дене тарбияны жана сергек жашоо ыңгайын өнүктүрүү маселелери талкууланат.

 

29-пралерде, фестиваль Бишкек шаарынын Күнүн өткөрүүнүн алкагында борбордун ортосундагы ар кандай багыттагы сегиз интерактивдүү аянтта улантылат.

 

Меймандарды чыгармачыл жана кызыктуу мастер-класстар анын ичинде, таза тамак-аш жана салтуу экологиялык билимдер боюнча мастер-класстар, конкурстар, ар кандай спорттук федерациялар менен таанышуу, көрсөтмөлүү спорттук оюндар, бий баттлдары, билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн ярмаркасы, спорттук ярмарка, китептердин көргөзмөсү, гүл ярмаркасы, кайрымдуулук акциясы, театрдык спектаклдер жана белгилү спортсмендер менен жолугушуулар, ошондой эле эртеден кечке чейин чоң концерт жана Ыймандуулук, тарбия жана маданият жылына арналган башка көптөгөн иш-чаралар күтүп турат.

  

Бишкек, 28 апреля /Айжамал Дуйшоева - Кабар/