Тосуп алгыла - «Балерина»!

April 25, 2017, 06:00

Кымбаттуу достор!

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ 3-майда саат 13-00дө Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек Хореографиялык окуу жайында «Балерина» аттуу жаңы балдар китебинин презентациясы өтө тургандыгын кубануу менен билдирет.

 

«Балерина» - бийди сүйгөн, балет жана сахна жөнүндө эңсеген балдар менен кыздар үчүн гана эмес, ошондой эле өз мекени, анын мыкты жана талантуу адамдары жөнүндө, эмгек жана өжөрлүк жөнүндө, даңктын туу чокусуна карай жол канчалык татаал, бирок кызыктуу экени жөнүндө көбүрөөк билүүнү каалаган бардык балдар үчүн китеп. Китеп секелек кыз Бүбүсаранын өмүрү жөнүндө айтып берет, ал бийди абдан жакшы көргөн жана улуу балерина болуу менен өз мекенинин – Кыргызстандын атагын чыгарган!

 

Көптөгөн сүрөттөр жана балет терминдеринин түшүндүрмөлөрү балдарды балеттин сыйкырдуу дүйнөсү менен тааныштырат!

 

Фонддун демилгеси боюнча, китепти мыкты чыгармачыл команда даярдады: тексттин автору– Нурия Шагапова, сүрөтчүсү – Жылдыз Бекова, редактор-корректор – Татьяна Кузьмина, дизайнер – Бек Жайчибеков.

 

Китеп Швейцариянын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен чыгарылды.

 

Ошентип, тосуп алгыла – «Балерина»!