Биз менен болгондугу үчүн демөөрчүлөргө ыракмат!

April 26, 2017, 06:00


Бүгүн биз силерге сергек жашоо ыңгайын даңазалоого багытталган Бешинчи Билим фестивалын колдоо сунушуна кошулган туруктуу жана жаңы демөөрчүлөрүбүздү тааныштырабыз. Алардын катышуусу болбогондо социалдык, тарбиялык жана маданий жактан ушунчалык маанилүү долбоорду ишке ашыруу мүмкүн эмес эле.




Бир нече жылдан бери биз менен бирге болгон төмөнкү туруктуу демөөрчүлөргө ыракмат:



Башкы демөөрчү – Кристенсен Фонду жеке кайрымдуулук фонду болуп саналат, ал 1957-жылы Калифорнияда негизделген. Ушул коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес уюмду камкорчулар кеңеши башкарат.


Фонддун күч-аракеттери «био-маданий» ар түрдүүлүккө – адамдардын жана чөлкөмдөрдүн, маданияттын жана экологиянын татаал жана тыгыз аралашуусун билдирген чөйрөгө багытталган.

Байланышуу:

Дареги: Бишкек шаары, Гоголь көчөсү, 129/1.

Тел: +996 (312) 433034.

Сайт: www.christensenfund.org




Ага Хандын Өнүктүрүү боюнча уюму (АКДН), аны Улуу Даражалуу Ага Хан негиздеген, ал өнүктүрүү боюнча жеке, эл аралык, диний эмес уюм болуп саналат.

АКДНдын ишмердиги дин тутушуна, тегине, жынысына жана расасына карабастан адамдардын жашоо шарттарын жана мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багытталган.

Байланышуу:

Тыныстанов көчөсү 80, 720053

тел./факс: +996 (312) 986961

e-mail: akdn.kyrgyzstan@akdn.org

web: www.akdn.org



Биздин долбоорду колдоо сунушуна кошулган жаңы демөөрчүгө ыракмат:


Жаштар кийим дүкөнүнүн "BrANDMIXX" (@brandmixx) тармагы кийим дүкөндөрүнүн ата-мекендик жападан жалгыз ири тармагы болуп саналат. Бул учурга карата компаниянын Кыргызстан боюнча 8 филиалы бар жана эркектер менен аялдар үчүн классикалык, күнүмдүк жана спорттук кийимдин, бут кийимдин жана аксессуарлардын ири ассортиментин сунуш кылат.

Байланышуу:

Дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү,77, 5-кабат.

Тел: +996 (312) 663680.

Сайт: www.brandmixx.kg


Колдоосу үчүн мыкты демөөрчүлөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз!