Кендирбаева: Билим фестивалында балдар белгилүү спортчулар менен жолугат

April 25, 2017, 06:00

Бишкек шаарында 28-29-апрель күндөрү V Билим фестивалы өтөт. Быйылкы саамалык жылдагыдан айырмаланып сергек жашоо мүнөзүн жайылтууга багытталган. 

 

Иш-чарага спортчулар, машыктыруучулар катышып жаштарга мастер-класстарды өтүшөт. Ошондой эле спорттук ийримдерди жана кызматарды көрсөткөн мекемелер да катышат. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева айтып берди.

 

"Спорттук кызмат жана ийримдерди көрсөткөн мекемелер да чакырылган. Ошондой эле чоң ийгиликтерди багындырган белгилүү спортчулар жаштар менен жолугуп маектешет. Андан сырткары, алгачкы аскердик тарбия, алгачкы медициналык тез жардам көрсөтүү боюнча мастер-класстар уюштурулуп, улуттук оюндар болот", — деди Кендирбаева.

 

Иш-чаранын алкагында жылдагыдай эле китеп жана билим берүү мекемелеринин көргөзмөлөрү өткөрүлөт. Саамалык "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, шаардык мэрия тарабынан колдоого алынды.

 

Cсылка: https://sputnik.kg/Radio/20170426/1033086262/bishkekte-bilim-fetivaly-ehki-kun-boyun-otot.html