Р.И.Отунбаева: «Айымдарга инвестициялар экономикага тикелей натыйжа берет»
April 20, 2017, 06:002017-жылдын 13-14-апрелинде Ош шаарында аялдар бизнес ассоциацияларынын лидерлеринин катышуусу менен «Аял ишкерлердин региондук бирикмеси: Борбордук Азия өлкөлөрүндө – Афганистанда, Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда аялдар бизнеси үчүн туруктуу келечекти түзүү» темасында региондук конференция болду, ошондой эле “WomenExpo Жибек жолу 2017” көргөзмөсү өттү. Ага областтын, Ош шаарынын жетекчилери, чет өлкөлүк элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарындагы, Өзбекстан Республикасынын Андижан, Наманган, Фергана областтарындагы жана Тажик Республикасынын Согди жана Тоолуу Бадахшан областтарындагы тигүү тармагындагы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча ишкер аялдар катышты.
Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И. Отунбаева саламдашуу менен сөз сүйлөдү. «Дүйнөлүк практика далилдегендей, эң мыкты инвестициялар – кыздардын билим алуусуна инвестициялар. Айымдарга инвестициялар экономикага тикелей натыйжа берет, анткени аял иштеп тапкан акчанын 90%ын өз балдарынын билимине жана ден соолугуна, социалдык коргоого жумшайт, иш жүзүндө аял – экономикадагы өзөктүү звено», – деп баса белгиледи КР экс-президенти Р.И.Отунбаева.
Конференцияны жана көргөзмө-ярмарканы уюштуруучу болуп Кыргызстан Агробизнесмендеринин «Жер Азыгы» Ассоциациясы саналат.
Ярмаркада тигүү өндүрүшү боюнча Дильбар Ашимбаева, кийиз дизайны боюнча Татьяна Воротникова, сайма саюу боюнча Майрам Инамжанова жана кургатылган жемиштерди – абрикосту кайра иштетүү боюнча Рузиматова Нафиса жана Мирахмедова Хайринисо сыяктуу белгилүү эксперт айымдардын катышуусу менен тематикалык мастер-класстар көрсөтүлдү.
Көргөзмөдө катышуучулар өз продукциясын көрсөтүп, өнөктөр, кардарлар менен жолугушуп жана жаңы бизнес байланыштарды түзө алды. Бул жерде Ош шаарынын Мода үйүнүн чыгармачыл өнөрканаларынын жана Өзбекстан менен Тажикстандын дизайнерлеринин стилдүү улуттук кийимдеринин модасын таасир калтырарлык көрсөтүү болуп өттү.
Women – Expo «Жибек жолу 2017» көргөзмө ярмаркасы Борбордук Азиянын Фергана өрөөнүндө мамилелер жакшырышынын жаңы шарттарында эң ири окуялардын бири болуп калды. Ярмаркада айыл чарба товарларынын чоң ассортименти, кургатылган мөмөлөрдүн ар кандай түрлөрү, тигүү тармагынын буюмдары, кийизден, керамикадан жасалган буюмдар, белгилүү хан-атластар, килем өнөр жайынын товарлары, зергер буюмдар, ар кыл түрдөгү үй өсүмдүктөрү, гүлдөр жана башкалар сунуш кылынды.