Баткендеги жолугушуу. «Китеп билим булагы - китеп билим чырагы».
April 24, 2017, 06:00Үстүбүздөгү жылдын 20-апрель күнү Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектепте Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы башчысы Юкиэ Мокуо ата-энелер, окуучулар жана педагогикалык жамаат менен жолугушту. Кездешүү учурунда эрте жаш курактагы балдарды өнүктүрүүдө алардын эрте маалыматтык көндүмдөрүн жана билгичтиктерин калыптандырууда ата-энелердин ролу, көркөм китептердин артыкчылыктары жөнүндөгү маселени талкууга алышты. Р.Отунбаева китеп окуунун балдарды өнүктүрүүдөгү өзгөчө мааниси тууралуу токтолду. Эл аралык иликтөөлөрдүн натыйжасында ата энелер балдарына ар дайым убактысын бөлүү менен күнүнө жок дегенде 10 мүнөт китеп окуп берсе, балдардагы өнүгүү процесстери тез жүрөөрүн белгиледи. Ошондой билимдүү эненин баласына болгон таасири дагы жогору экендигин айтты. Акыркы эл аралык жана ата мекендик иликтөөлөрдө, тилекке каршы балдардын окуусу жана түшүнүгү аксап жаткандыгына токтолду.
“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева аталган Фонд тарабынан басылып чыккан балдарга арналган жаӊы заманбап форматтагы китептер менен келгендерди тааныштырды.
Жолугушуу соӊунда Р.И.Отунбаева жана Юкиэ Мокуо башталгыч класстын окуучуларына китептерди окуп жана кызыккан суроолоруна жооп беришти.