«Жалоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун алкагында тажрыйба алмашуу боюнча Кытайга иш-сапардын программасы аяктады
April 17, 2017, 06:00«Жалоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун 2016-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча долбоордун мыкты катышуучулары жана уюштуруучулары Кытайга иш-сапар менен сыйланды. Визиттин программасын «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Үрүмчү шаарынын (СУАР, Кытай) мэриясынын колдоосу менен жүзөгө ашырды.
Визиттин максаты – Кытайдын билим берүү системасы менен таанышуу жана балдарды өнүктүрүү боюнча тажрыйба, бул багытта инновациялык методика менен таанышуу. Сапар 2017-жылдын 9-апрелинен 14-апрелине чейин өттү. 5 адамдан турган делегация жергиликтүү бийлик органдарынан, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинен, ЖОЖдун ректорунан жана Кыргызстандын Жайыттарды пайдалануучуларынын ассоциациясынын жетекчисинен турду.
Ушул визиттин алкагында КРдан барган делегация Кытайдын билим берүү системасы менен таанышты, Үрүмчү шаарынын мамлекеттик балдар бакчаларына, башталгыч жана орто мектебине, кесиптик, атайын жана жогорку окуу жайларына барды. Ошондой эле делегация балдар үчүн өткөрүлүүчү демонстрациялык мастер-класстарга катышты. Мындан тышкары, маданий программага Үрүмчү шаарынын ажайып жерлери менен таанышуу кирди.
Визиттин программасынын башталышында делегация Үрүмчү шаарынын Мэриясынын канцеляриясынын башчысы менен жолугушту. Ал Үрүмчү шаарынын өнүктүрүү программасы, анын кыскача тарыхы жана жетишкендиктери менен тааныштырды.
Визиттин программасынын башталышында делегация Үрүмчү шаарынын №13, №8 мектептеринин жана №19 музыкалык мектебинин иши менен таанышты. Андан ары делегация Кесиптик окуу жайга жана көрүүсү начар балдар үчүн Атайын окуу жайына барды. Делегация ошондой эле «Красное знамя» мамлекеттик балдар бакчасына (Тянь-Шань району, Үрүмчү шаары) жана эл аралык билим берүү бөлүмү бар №12 мектепке барды жана мектептин администрациясы менен жолукту. Белгилеп кетүү керек, балдар бакчаларынын иши балдарды өнүктүрүүгө жана алардын коопсуздугуна, жакын адамдар жөнүндө камкордукка, ата-энелерди урматтоого, тарыхка, үй-бүлөлүк дөөлөттөрдү каныктырууга көңүл бурат. Ошондой эле делегация Үрүмчү шаарынын Жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Программанын аягында делегациянын мүчөлөрү кытай тажрыйбасы менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн бергендиги үчүн КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун уюштуруучусу Р.И. Отунбаевага жана Үрүмчү шаарынын Мэрине ыраазычылык билдирди.