Балдар бакчаларында көчөттөрдү отургузуу

April 19, 2017, 06:00

2015-2016-жылдардагы «Жашыл Бишкек: мектептин айланасын жашылдандыруу» акциясынын уландысы катары 19-апрелде «Жашыл Бишкек» экологиялык акциясынын алкагында 2017-жылы көчөттөрдү жазгы отургузуу болуп өттү. Акциянын алкагында эки: № 182 жана 162 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (МБУ) аймагында 2280 көчөт (мүрөк дарак, жашыл ясень, кайың, зараң, форзиция, гибискус, айва жана бирючина) отургузулду.


Көчөт отургузуу Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан Green Foundation (Жашыл Фонд) менен бирдикте уюштурулду, ага KICB банкы, Кумтөр компаниясы жана Ага Хандын өнүктүрүү боюнча өкүлчүлүгү кирет.


№ 182 балдар бакчасында көчөттөрдү отургузуу боюнча акцияга КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Р.И. Отунбаева, "KICB" ЖАКтын башкармалыгынын төрагасы Кванг Янг Чоя, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын начальниги С.Ж. Мейрманова жана Жашыл Фонддун башка эки уюмунун өкүлдөрү катышты.


280 орунга эсептелген балдар бакчасы 2016-жылы Көк-Жар турак жай конушунда курулган жана долбоордук кубаттуулугу боюнча республикада эң чоң балдар мекемелеринин бири болуп саналат жана россиялык долбоор боюнча заманбап стандарттар боюнча курулган. Балдар бакчасына иш жүзүндө 16 топко 750 бала барат.


 

Видео компании Азаттык


*«Жашыл Бишкек: мектептин айланасын жашылдандыруу» экологиялык акциясы. 2015- жана 2016-жылдары жаз жана күз мезгилинде көчөттөрдү отургузуу Бишкек шаарынын 80ден ашык мектептеринде балдар борборлорунда өткөрүлгөн жана 31349 көчөт отургузулган.

Көчөттөрдү отургузуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылышты коргоонун жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык фондунун, Green Foundation (Жашыл Фонддун) колдоосу менен, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта жүзөгө ашырылган.