Баарыңыр V мааракелик Билим фестивалына!

April 16, 2017, 06:00

Баарыңыр V мааракелик Билим фестивалына!


БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫ - 2017 сергек жашоо ыңгайын андан ары алга илгерилетүүгө, дене тарбиясын жана спортту пропагандалоого, жарандарыбыздын маданий деңгээлин жогорулатууга жана өсүп келаткан муунду экологиялык жактан тарбиялоого багытталган.


Эки күндүк Фестивалдын алкагында белгилүү спортсмендер жана мастерлер менен жолугушуулар, ар кыл спорттук федерациялар менен таанышуу, лекциялар, мастер-класстар, "Жашыл маектешүү", Бишкек шаарынын мектептеринин «Биз сергек жашоо ыңгайын жактайбыз» темасына мыкты плакаттардын көргөзмөсү, концерттер, спектаклдер, мектеп окуучулары үчүн кесипке багыт берүүчү көргөзмө, билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн ярмаркасы жана Ыймандуулук, тарбия жана маданият жылына арналган көптөгөн башка иш-чаралар бар.