Баткенде 3 жашка чейинки наристелерге шарт түзүү маселеси талкууланды
April 20, 2017, 06:00Баткен шаарында жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу боюнча билим берүү форуму өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Анда, балдардын өнүгүшү үчүн сапаттуу шарттарды түзүү — кедейликти жоюунун маанилүү жолдорунун бири экени айтылды.
Иш-чарага мурдагы президент Р.Отунбаева, аталган стандартты иштеп чыккандар, эксперттер, окутуучулар жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлери катышууда.