Бешинчи мааракелик Билим фестивалынын катышуучулары
April 13, 2017, 06:00Силерге V мааракелик Билим фестивалынын тааныштырып баштайбыз. Биздин катышуучулар жөнүндө Билим фестивалынын сайтынан кең-кесири билүүгө болот. >>>
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) Билим фестивалынын катышуучусу гана эмес, ошондой эле Экинчи Билим фестивалын тең уюштуруучулардын бири болгон. Быйылкы жылы өлкөнүн ушул аксакал ЖОЖу кайрадан биз менен!
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) – бул аккредитациянын 4-даражасындагы мамлекеттик жогорку окуу жайы.
КМТУнун курамында 14 структуралык бөлүм, профессордук-окутуучу курамындагы 1000ге жакын адам бар, алардын ичинен 50дөн ашыгы илимдин доктору жана 220дөн ашыгы илимдин кандидаты, бир катар мамлекеттик жана эл аралык академиялардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын УИАсынын 36 академиги жана мүчө-корреспонденти.
КМТУ – бул 14 окуу корпусу, 50 компьютердик класс, китепкана-маалыматтык борбору.
КМТУ менен байланышуу:
Дареги: 720044 Кыргызстан, Бишкек шаары, Тынчтык пр. 66
Ректордун кабылдамасы: +996-312-54-51-25
E-mail: rector@kstu.kg
Fax: +996-312-54-51-62
Website: http://kstu.kg
Эстетикалык тарбиялоонун «Балажан» республикалык окуу-методикалык борбору – ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы биринчи клубу.
Ишинин багыттары: өнүктүрүүчү билим берүү, көркөм-сүрөт, кооз-колдонмо, музыкалык-сахналык, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү өзгөчө балдар мектеби.
«Балажан» борбору – ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы биринчи клубу, ал ЮНЕСКОнун (AFUCA) клубдарынын жана Ассоциацияларынын Азия-Тынч океан Федерациясынын курамына кирет.
«Балажан» ЭТРОМБ – республиканын кошумча билим берүүсүнүн мектептеринин, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелеринин жетекчилери жана педагогдору үчүн окуу-методикалык жардам көрсөтүү боюнча борбор.
«Балажан» эл аралык ишмердикти жүргүзөт («Ысык-Көл досторду чогултат» эл аралык этно-карнавалы, Кошумча билим берүү маселелери боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция, «Ысык-Көл балдардын көзү менен» эл аралык пленэрдик лагерь, Көркөм сүрөт өнөрү жана колдонмо чыгармачылык боюнча эл аралык конкурстар).
«Балажан» ЭТРОМБда балдар студияларда окуйт:
Балдарды эрте өнүктүрүү, мектепке чейинки даярдоо, кыргыз жана англис тилдери, шахмат, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү өзгөчө балдардын мектеби, лидердик кыймыл мектеби.
Наристелер үчүн хореография; элдик, спорттук-баллдык, чыгыш, азыркы жана эстрадалык бийлер, балдар театры, сахналык сөз, вокал, комуз, фортепиано, фольклор, гитара.
ИЗО: живопись, архитектура жана дизайн, академиялык сүрөт, наристелер үчүн ИЗО, чаптап жасоо, оригами, бисер токуу, кийиз.
Байланышуу:
Бишкек шаары, Москва көчөсү, 53
Тел: +996 312 383260, +996 312 486475
факс.: +996 312 486319,
e-mail: balajan@mail.ru
Свердлов районунун Балдар чыгармачылык борбору – бардык мурдагы Билим фестивалдарынын туруктуу катышуучусу быйылкы жылы кайрадан биз менен болот.
БЧБ – бул билим берүү мекемеси, анда ар бир бала өзүнө жаккан ишти таап, өз талантын жана жөндөмдөрүн ача алат. Балдар чыгармачылыгынын борборунда ар бир балага баштапкы мүмкүнчүлүктөр берилет, зээндүү жана талантуу балдарга өзгөчө көңүл бурулуп жана колдоо көрсөтүлөт, алардын жекече өнүгүшү сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүлөт.
1980-жылы түзүлгөн Бишкек шаарынын Свердлов районунун БЧБ төмөнкүдөй милдеттерди аткарат:
• сабактан тышкаркы иште руханий-адептүү инсанды калыптандыруу;
• балдар чыгармачылыгын маданий экономикалык эстетикалык жактан өнүктүрүү;
• мектеп окуучуларына кесиптик багыт берүү;
• жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу;
• сергек жашоо ыңгайынын көндүмдөрүн каныктыруу;
• балдардын жана өспүрүмдөрдүн пайдалуу эс алуусун уюштуруу.
Балдардын чыгармачылык борборунун ишинин багыттары:
Музыкалык-сахналык: «Элдик жана азыркы бий» студиясы, «Комуз», «Жети-Ата фольклордук ансамбли», «Вокалдык чеберчилик» студиясы, «Импульс» цирк студиясы, «Куурчак театры».
Кооздук-колдонмо жана көркөм сүрөт өнөрү: «Кыргыз оймосу» студиясы, «Чий», «Жаш сүрөтчү», «Оригами», «Бисерди токуу», «Түйүү», «Кездеме боюнча куйкалап оюу салуу», «Көркөм керамика», «Авиамоделдөө», «Чебер даркан».
Интеллектуалдык өнүктүрүү: «Почемучка» студиясы, «Компьютердик дизайн», «Англис тили».
Уюштуруу-массалык иш: «Манас» балдар-өспүрүмдөр уюму.
Байланышуу:
+996 (312) 439506;
+996 (312) 439451
Жумабек көчөсү 109 жана дагы 5 филиал
2013-жылы негизделген «Cambridge Silk Road» эл аралык мектеби Бишкекте жападан жалгыз эл аралык мектеп болуп саналат, ал Кембридж программаларын жана квалификацияларын сунуш кылат.
«Cambridge Silk Road» эл аралык мектеби бул: 3 жаштан 18 жашка чейинки курактагы, ар түрдүү 25 улуттагы 240 студент жана жогорку квалификациялуу эл аралык окутуучулар. Мектептин максаты студенттерде турмуштун бардык – интеллектуалдык, маданий, спорттук жана жүрүш-туруш аспекттеринде жогорку деңгээлге жетишүүнү өнүктүрүү болуп саналат.
Мектеп Cambridge International Examinations тарабынан аккредиттелген жана Кембридждин окутуу программаларын сунуш кылат, бул бүтүрүүчүлөргө «С» деген минималдуу баа менен Улуу Британиянын, Ирландиянын, АКШнын, Канаданын, Австралиянын, Жаңы Зеландиянын, Индиянын, Сингапурдун, Египеттин, Иорданиянын, Түштүк Африканын, Нидерланддын, Германиянын жана Испаниянын алдыңкы университеттеринде кирүү экзаменин тапшырбастан билим алууга мүмкүндүк берет.
Байланышуу:
Дарек: Бишкек, Жал кичи району, 45
Телефон: +996 312 93 22 22 , +996 312 69 44 60, +996 551 93 22 22 , +996 771 93 22 22
Электрондук почта: office@sris.edu.kg
"Кыргыз-Кореялык Колледж" билим берүү мекемеси Корея Республикасынын билим берүүчү мекемелери менен эл аралык кызматташтыкты жигердүү өнүктүрөт, анткени ККК Кыргызстанда корей тилин үйрөтүүгө адистешкен бирден бир атайын кесиптик окуу жайы болуп саналат. ККК Корея Республикасынын университеттери жана билим берүү мекемелери менен студенттерди алмашуу жагынан кызматташтык жөнүндө төмөнкүдөй меморандумдарга кол койгон:
Адистиктер:
1. Корей тили (котормочу), Корей тили (корей тили мугалими)
2. Финансы (тармактар боюнча) (корей жана англис тилин билүү менен)
3. Туризм (корей жана англис тилин билүү менен)
4. Экономика жана бухгалтердик эсеп (корей тилин билүү менен)
5. Маркетинг (тармактар боюнча) (корей жана англис тилин билүү менен)
Кыргыз-Корей Колледжинин студенттери окууну Кореянын университеттеринде бакалавриатта уланта алат. Окууну Кореядан жана Кыргызстандан магистр (М. А) жана доктор (Ph. D) илимий даражалары бар жогорку квалификациялуу окутуучулар өткөрөт. Жыл сайын колледждин студенттери Кореяга тилдик стажировкага барат; Студенттер Кореяда эл аралык студенттик форумдарга катышат, ошондой эле корей тили боюнча конкурстарда, викториналарда жана олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлешет; колледждин Таеквондо боюнча курама командасы Кореяга машыгууларга жана мелдештерге барып турат.
Дареги: Бишкек шаары, Гоголь көчөсү 20А , тел. +996 771 912109
"Парнас" окуу борбору – өзүнүн билим деңгээлин жогорулатууну каалаган жаңыдан баштап жаткандар жана кесипкөйлөр үчүн компьютердик окутуу. Курагы мааниге ээ эмес.
Бардык сабактар боюнча окутуу практикалык мисалдарга негизделген, бул материалды өздөштүрүүнүн деңгээлин жогорулатат.
Сабактарды квалификациялуу жана тажрыйбалуу окутуучулар алып барат, алар бардыгын абдан жалпак тил менен түшүндүрөт.
Сабактар төмөнкүдөй дисциплиналар боюнча жүргүзүлөт:
• ПКны жана Internet’ти Баштап жаткан жана Кесипкой Пайдалануучу
• Компьютердик графика: Corel Draw, Adobe Photoshop
• Полиграфиядагы дизайн
• ArchiCAD программасында архитектуралык долбоорлоо
• AutoCad программасында ар кандай татаалдыктагы чиймелерди долбоорлоо
• СУБД Access (маалымат базасын түзүү)
• Web-design (HTML, CSS)
• Видеомонтаж (Ulead Video Studio, Sony Vegas Pro)
• Слайд-шоу (ФотоШоу Pro же Power Point)
• Бухгалтердик эсептин теориясы (МСФО) + 1C бухгалтерия
• Офис-менеджер, иш кагаздарын жүргүзүүнү билүү менен секретарь-референт
• Чакан бизнес үчүн Excel: финансылык жана кампалык эсеп-кысапты жүргүзүү
Дареги: Кыргызстан, Бишкек, Токтогул көчөсү, 170В, ТЦ МОТО, 3-кабат, 31
Телефон: +996 (312) 90-84-27
«Өсүш академиясы» интеллектуалдык өнүктүрүү борбору
Академиянын негизги миссиясы Кыргызстанда гана эмес, ошондой эле бүткүл КМШда балдарды окутуунун эң инновациялык ыкмаларын киргизүү болуп саналат. Академия Академиянын ар бир окуучусу өз потенциалын ачышы, өз муратына жетиши жана ийгиликтүү келечекке ээ болушу үчүн иштейт.
«Өсүш академиясынын» жетишкендиктери
• Борбордук Азия боюнча 30дан ашык офис, 4500дөн ашык окуучу
• Сертификатталган 100дөн ашык адистен турган квалификациялуу инструктордук курам
• Менталдык арифметика боюнча инструкторлор үчүн колдонмолордун сериясы
• Менталдык арифметика боюнча туруктуу олимпиадалар
• Менталдык арифметика боюнча машыгуу үчүн www.rost.kg сайтындагы онлайн-платформа
«Өсүш академиясынын» курстары
• Менталдык арифметика
• Тез окуу
• Өнүк
• Мектепке даярдоо
• Англис тили
• Шахмат
Кең-кесири: http://rost.kg/
«ИТ-академия» - мааракелик Бешинчи Билим фестивалынын катышуучусу.
2008-жылы негизделген Программалык камсыз кылууну жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын Кыргыз Ассоциациясы (ПКККА) өлкөбүздүн ИТ-индустриясын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү тармактык ассоциация болуп саналат. ПКККАнын башкы милдеттеринин бири программалоо жагынан билим деңгээлин жогорулатуу болуп эсептелет. Кесипик билимдин, биринчи кезекте, техникалык билимдин кадыр-баркын жана сапатын жогорулатуу үчүн ПКККА Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте Бишкек шаарындагы 98-кесиптик-техникалык окуу жайынын базасында «ИТ-академия» долбоорун ишке киргизди, ал программисттерди бир жылдын ичинде тез даярдоо максатын көздөйт.
«ИТ-академия» - бул программалоо боюнча бир жылдык курс, анын өзгөчөлүгү курс практикалык жөндөмгө ээ болууга багытталганлыгы болуп саналат. Каалагандар 9 айдын ичинде жаңы жогорку акы төлөнүүчү кесипти өздөштүрөт. Аларды IT компанияларга стажировкага жөнөтөбүз, ал эми курсту аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөргө ишке орношууга жардам беребиз.
Негизги багыттар
• -Frontend
• -PHP
• -Javascript
• -Ruby on Rails
• -Python
• -Java
Курс өзүнө IT адистер үчүн англис тилин камтыйт.
Окутуу күн сайын (дүйшөмбү-жума) 3 сааттан, график каалагандай, 3 смена бар (эртең менен, түштө жана кечинде). 9 ай үчүн акысы 900 АКШ доллары.
Кең-кесири: www.it-academy.kg
2009-жылы түзүлгөн «Ала-Тоо өнүктүрүү борбору» коомдук фонду – динамикалуу жана план ченемдүү өнүгүп келаткан өкмөттүк эмес уюм, бардык жаңы идеяларга, өнөктөргө, билим берүү жана Кыргызстандын коомдук турмушун өнүктүрүү чөйрөсүндөгү бардык оң өзгөрүүлөргө ачык.
Программаларды иштеп чыгууда аракетке келтирилген секторлордун бири болуп билим берүүдөгү өнүктүрүү саналат. Фонддун ишинин өзөктүү формасы – окутуунун жогорку, орто жана башталгыч формаларынын билим берүүчү кадрларынын квалификациясын жогорулатууга багытталган семинарларды, тренингдерди жана башка иш-чараларды өткөрүү.
Фонддун базасында тилдик, компьютердик жана кесип берүүчү курстар формасында жекече-багыт берип окутуу боюнча мөөнөтсүз долбоор ишке ашырылат.
Жыл сайын жай мезгилинде «Өсүш академиясы» балдар долбоору ишке ашырылат, анын жүрүшүндө мектепке чейинки жана кенже мектеп курагындагы балдар мектеп программасы боюнча ийгиликти адаптациялоого жана жүйөлөштүрүүгө багытталган жөндөмдөрдү алат.
2016-жылга карата Фонд өзүн сапаттуу билим берүүнү туруктуу өнүктүрүүгө жардам берген, өз ишинин географиясын кеңейтип, Кыргыз Республикасынын НПОлорунун региондук билим берүүчү структурасын жана бөлүмдөрүн камтыган, өзүнүн өнөктөрүнүн жана долбоорлорунун санын көбөйткөн мекеме катары көрсөттү.
2016-жылдын аягына карата фонд билим берүү жана республиканын коомдук турмушун өнүктүрүү боюнча 50дөн ашык долбоорду ишке ашырууга катышты.
2016-жылы жаштардын эң позитивдүү идеяларын алга илгерилеткен жана ишке ашырган билим берүүчү жана долбоорлоо ишине кыйла салым кошкондугу үчүн «Кыргыз Туусу» республикалык газетасы уюмду «Жылдын мыкты окуу жайы» Диплому менен сыйлады. Ошол эле жылы «Кыргыз Туусу» газетасы «Ала-Тоо өнүктүрүү борбору» коомдук фондунун Президенти Мохамед Али Абделькаримди жылдын мыкты адамдарынын катарына кошту.
Байланышуу:
Дареги: Бишкек, 12-кичи район 52/1
Телефон: 0700462943
“TOEFL CENTER” тилдик билим берүү борбору 2005-жылы ачылган жана окутуучу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө Бишкектин көптөгөн тургундары үчүн ишенимдүү жана сапаттуу окутуучу борбордун кадыр-баркына ээ болду. “TOEFL CENTER” коомдук фондунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын арасында АКШнын Тынчтык Корпусу, “Манас” КТУ, Түркиянын Консулдугу, Japan International Cooperation Center (JICE), Бишкекте жайгашкан эл аралык уюмдардын кызматкерлери, ошондой эле Бишкектин студенттери жана мыкты мектеп окуучулары бар.
“TOEFL CENTER” КФда окутуу сабак өтүүнүн заманбап коммуникациялык ыкмасына негизделген, мында бардык тилдик жөндөмдөр (сүйлөшүү, угуу, окуу, грамматика жана кат) өнүгөт жана иштетилет. Окутуунун толук курсу аяктагандан кийин кардарлар ошондой эле TOEFL (PBT, IBT), IELTS текстине даярдоо курсунан өтө алат. “TOEFL CENTER” КФда окутуунун артыкчылыктарынын бири болуп TOEFL CENTER окуучулары эң биринчи деңгээлден тартып эле Америкадан жана Англиядан келген тилди алып жүрүүчүлөр өткөрө турган Аңгемелешүү клубдарына катышкандыгы саналат.
Борбордун кызмат көрсөтүүлөрү:
• • TOEFL® iBT жана TOEFL® PBT экзаменине даярдоо программасы
• • IELTS® экзаменине даярдоо программасы
• • «TOEFL PBT же IBT» институционалдык тести
• • Англис тили чет өлкөдө
• • Чет өлкөдөгү жогорку билим
Байланышуу:
Дареги: 722200, Кыргызстан, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 105 (Мед. Академиянын тушунда)
Шаардык тел.: +996 (312) 910060
Уюлдук тел.: +996 (550) 300601
Уюлдук телефон жана Вотсап:+996 (706) 300601 +996 (550) 300601
http://toeflcenter.org.kg/?lang=ru
«Секом» билим берүү мекемеси – билимге жана ийгиликке умтулган бардык адамдар үчүн эң ылайыктуу жер.
Мекеме пайдалуу жана сапаттуу билим алуу үчүн төмөнкүдөй эң мыкты шарттарды берет:
• жогорку квалификациялуу окутуучулар ар бир студентке жекече мамиле кылып, окуу программасынын бардык кемтиктерин толуктайт;
• зарыл окуу куралдары ар бир сабакты жеткиликтүү өткөрүүнү камсыз кылат;
• ар түрдүү кызыктыруучу программаларды жана оюндарды уюштуруу окуучуларга жайдары маанай тартуулайт;
• жайгашкан жери шаардын ортосу – студенттер үчүн дагы бир өзгөчөлүк жана ыңгайлуулук;
«Секом» билим берүү мекемесинин максаты: Жаштарыбызга татыктуу билим жана тарбия берүү.
Борбор берүүчү кызмат көрсөтүүлөр:
• Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдоо;
• «Сен канча тил билсең, сен ошончо жолу адамсың» деп айтылат, каалагандардын бардыгы үчүн англис, орус жана түрк тилдеринин курстары;
• Балдарды мектепке даярдоо;
• Менталдык арифметика (оюңда эсептөө).
Байланышуу:
Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү 71 (Кулатов көчөсү менен кесилиште), 2,3,4-кабаттар
0550 386 667; 0770 386 635; 0707 386 667;
secombishkek@mail.ru
http://secom.kg/
Кыргыз Республикасынын Көзкарандысыз футбол Федерациясы (КРФФ) – V Билим фестивалынын «Спорттук» классынын катышуучусу
1992-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Көзкарандысыз футбол Федерациясы (КРФФ) түзүлгөн. 1994-жылы КРФФ Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жана Азиялык футбол Конфедерациясынын (АФК) толук укуктуу мүчөсү болуп калды.
Кыргызстандын улуттук курама командасы ФИФАнын жана АФКнын эгидасы астында өткөрүлүүчү бардык эл аралык мелдештердин туруктуу катышуучусу.
Дареги: Бишкек шаары, Медеров көчөсү 1-Б. Тел: +996 (555) 903604.