«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Монтессори-педагогикасынын экинчи курсуна топтоону жарыялайт
April 13, 2017, 06:00Кымбаттуу достор!
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Сизди Монтессори-педагогикасы боюнча экинчи курска чакырат, ал Кыргызстанда, Бишкек шаарында өтөт.
Монтессори-педагогикасы ЮНЕСКО тарабынан балага багытталган эң натыйжалуу, гумандуу педагогикалардын бири деп таанылган. Мария Монтессоринин методикасына дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө: Японида жана Түштүк Кореяда, Кытайда жана АКШда, Улуу Британияда жана Германияда, Россияда. Казакстанда мектепке чейинки билим берүү жана өнүктүрүү системалары курулган.
Монтессори-педагог болуп калуу үчүн педагогикалык билимге ээ болуунун кереги жок, балдарды жакшы түшүнүү жана аларга эң мыкты өнүгүү үчүн шарттарды түзүү ниети гана болууга тийиш. Монтессори-педагогикасы балада аларда болгон бардык жөндөмдөрдү өнүктүрүп гана тим болбостон, ошондой эле ата-энелерге бала менен баарлашууда ката кетирбөөгө, баланын өнүгүшүнүн процессине маашырланууга жардам берет.
«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду 2013-2014-жылдары Кыргызстанда өткөргөн Монтессори-педагогикасы боюнча биринчи курсту 18 катышуучу бүтүргөн. 5 Монтессори-балдар бакчасы ачылган. Монтессори-педагогдор Кыргызстанда талап кылынат жана ийгиликтүү.
Жаңы курс ар бири он күндөн болгон жети сессиядан турмакчы.
Курс аяктагандан кийин экзамен тапшырган катышуучулар Москва шаарындагы Монтессори-педагогиканын Эл аралык институтунун дипломун алат.
660368 же 0772800376 телефондору, office@roza.kg электрондук дареги боюнча жазылууга болот.