Жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу боюнча Билим берүү Форуму
April 17, 2017, 06:002017-жылдын 20-апрелинде Баткен шаарында Баткен мамлекеттик Университетинин базасында жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу боюнча Билим берүү Форуму болуп өтөт.
Иш чарага кыргыз Республикасынын Экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин башчысы Юкиэ Мокуа, КР Өкмөтүнун Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.Халмурзаев, ошондой эле аталган стандартты иштеп чыккандар , эксперттер, окутуучулар жана башталгыч класстар боюнча методикалык бирикмелердин методисттери, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун жетекчилери жана Баткен Мамлекеттик университетинин студенттери жана педагогикалык жамааты катышат.
Р.И.Отунбаева «Кайсы гана мамлекетте болбосун сапаттуу кызматтарды түзүү – кедейликти жоюунун маанилүү жолдорунун бири» деп эсептейт.
2016-жылы ЮНИСЕФтин колдоосу менен эксперттер тарабынан балдарды жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттары иштелип чыкты.
Форумдун максаты – Кыргыз Республикасынын педагогикалык жогорку окуу жайларынын ортосунда бирдиктүү желени түзүү аркылуу балдарды жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу.
Юкиэ Мокуа форумдун азыркы Кыргызстандын балдарынын эртелеп өнүгүүсү сыяктуу актуалдуу проблемага арналып жатканын белгилейт. Анткени эрте жаш курактагы балдарга инвестиция салуу ар бир мамлекеттин өнүгүү келечегинде жана кедейликти кыскартууда маанилүү багыт болуп саналат.
Форум учурунда 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттары тууралуу маалымат берилет жана аларды мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикалык практикасына киргизүү жөнүндөгү маселе талкууга алынат. Форумдун жыйынтыгында балдарды эртелеп өнүктүрүү боюнча Стандарттарды киргизүү максатында педагогикалык жогорку окуу жайлардын бирдиктүү Желесин түзүү каралып жатат.
Контакты: Т.Шайдуллаева 0772 85 57 10 0552 85 57 10