«Жакшы сөз айткым келет» поэзия кечеси
April 11, 2017, 06:00«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Жазуучулар Союзу жана Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, Кыргыз Эл акыны Гүлсайра Момунованын чыгармачылыгына арналат. “Жакшы сөз айткым келет” деп аталган бул поэзия кечеси 2017-жылдын 14-апрелинде саат 17.00дө Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармониянын кичи залында болуп өтөт.
Гүлсайра Момунова мектепте окуп жүргөн жылдары эле ырларды жаза баштаган. Акындын “Тилек” деген биринчи ырлар жыйнагы 1963-жылы жарык көргөн. Андан кийин “Кыял чабыты” (1967), “Саябан” (1969), “Менин күнүм”(1972), “Жылаажын” (1976), “Өмүр бешигим”(1979), “Тереӊдеги берметтер “ (1981), “Ак марал” (1984), “Табар белем...” (1987), “Айдарым”(1991), “Жан дүйнө” (1994), “Кут дүйнө (2004), “Миӊ дүйнө” (2005), “Нурсултан” (2006), “Туулган үйдүн жарыгы” (2008), “Аяй, аяй”, “Жакшы сөз айткым келет” (2012), “Жүрөктө жүргөн сүйүү бар (2015), “Бабалардан калган сөз” (2016), “Бабалардан уӊгу башат”, “Энелерден уӊгу башат” (2017) ырлар жана поэмалар жыйнактары жарык көргөн. Мындан тышкары “Сүйүү толкуну” (1972), “Туулган күн” (1978), “Жылмаюу” (1983) китептери орус тилинде жарык көргөн. Акындын ырлары украин, казак, өзбек, түркмөн, азербайжан, болгар тилдерине которулган.
Гүлсайра Момунова ырларында сыр жашырбайт, ал Ата Журтунун мекенчил кызы катары жүрөктөгү ыймандай сырларын , сүйүүсүн чоӊ эргүү менен бере алат. Анын “Боз үй”, “Сөз” деген дастандары, “Ала тоо айымы” поэмасы мыкты чеберчиликте жазылганы менен окурмандар жүрөгүнөн түнөк тапкан.
Гүлсайра Момунова калемдештери арасында ода жанрынын, арноо ырларынын чебери катары айырмаланат. Ал адамдагы жакшы сапаттарды көрө билип, аны поэзиянын тилине салып, жакшы сөз айткысы келген жан дили аруу асылзат Акын.
Г.Момунованын көптөгөн ырларына А.Малдыбаев, Н.Давлесов, С.Алкожоев, Э.Мааданбеков, М.Бостонкулов, Б.Мамаев, Ж.Муратова, А.Бөдөшев, К.Эралиева сыяктуу классик композиторлор, обончулар обондорду жаратышкан. Алардын арасынан эл ичинде кеӊири ырдалып жүргөн “Табаар белем”, “Таптым сени”, “Издейм сени”, Сен бар үчүн”, “Мен сага жазга айланып баргым келет”, “Кызгалдак” жана башка ырларын өзгөчө атай алабыз.
Кыргыз Эл акыны Г.Момунованын мекен алдындагы эмгеги жана жаркын таланты жогору бааланып, “Эмгектеги каармандыгы үчүн” ордени, “Даӊк” медалы менен сыйланган, ал Алыкул Осмонов, Түгөлбай ата, Аалы Токомбаев, Жамбыл Жабаев атындагы адабий сыйлыктардын ээси.