Санкт-Петербургдагы терактыга байланыштуу көңүл айтуу
April 6, 2017, 06:00«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Фонддун уюштуруучусу КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын жана бардык кызматкерлердин атынан 2017-жылдын 3-апрелде Санкт-Петербургдагы метродогу террористтик актынын натыйжасында каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Бейкам тургундарга каршы багытталган ушул коркунучтуу жана адамкерчиликсиз жосун терроризмдин ар кандай формаларын терең айыптаган адамдардын жан-дилин бириктирди. Терроризмдин улуту жок жана мекени да жок.
Санкт-Петербургдун жана Россиянын жашоочулары үчүн ушул оор күндөрү биз курман болгондордун үй-бүлөлөрүн чын дилибиз менен колдойбуз, жарадар болгондорго күч-кубат жана тез сакайып кетишин, эң сонун шаардын бардык тургундарына эрдикти жана чыдамкайлыкты каалайбыз.
Фонддун уюштуруучусунун жана кызматкерлеринин атынан көңүл айтуу РФнын КРдагы Элчиси А.А. Крутького берилди.