«Балдар филармониясы»: Барокко музыкасы - Франциянын жана Италиянын, Германиянын жана Австриянын монархтарынын ак сарайларында жаңырган музыка, бул Европа маданий жактан гүлдөп-өнүккөн доордун музыкасы
April 4, 2017, 06:00«Балдар филармониясы»
«БАРОККОНУН ГЕНИЙЛЕРИ» концерт-презентациясы
2017-жылдын 14-апрели, саат 11-00дө
Улуттук Филармониянын чоң залы
Программада барокконун генийлери – Иоганн Себастьян Бахтын, Георг Ф. Генделдин, Вивальдинин чыгармаларынан кыска үзүндүлөр.
Барокко музыкасы – Франциянын жана Италиянын, Германиянын жана Австриянын монархтарынын ак сарайларында жаңырган музыка, бул Европа маданий жактан гүлдөп-өнүккөн доордун музыкасы. Ал чеберчилиги жана таланты адамдын музыкалык генийинин туу чокусу болуп калган улуу композиторлордун жана музыканттардын, мыкты опералык аткаруучулардын мезгили болгон.
Силер музыканы угуп гана тим болбостон, ошондой эле кинофильмдерден үзүндүлөрдү көрө аласыңар. Келгиле – сонун музыканы уккула, билим берүүчү көптөгөн нерселерди билип алгыла!
Билеттердин наркы: партер -100 сом, балкон -50 сом.
Билеттер: 660368, 0772 800376 телефондору боюнча же филармониянын кассаларында.