«Турмуш...50+» циклиндеги кезектеги жолугушуу «Сулуулук жазда башталат» девизи астында өттү
April 4, 2017, 06:00Кышкы акыркы ызгаар аяктап, жаз жыттанып калды, анан демейдегидей бул мезгилде өзгөрүүлөрдү жана жаңыланууну күтөсүң! Эмнеден баштоо керек? Албетте, өзүңдөн! Организмде авитаминоз, денеде ашык килограммдар үстөмдүк кылат, териде болсо... Аны таптакыр эле көрбөй койгон дурус! Бул ушул сезон үчүн демейдегидей табигый процесс. Кыштын суугу терини аябайт: аны кургатат, чарчатат, үшүтөт жана шамалдатат. Ошентип, кышкы «уйкудан» акырындап жанданып, тондон, жылуу шымдардан жана свитерлерден арылып, анан, албетте, өзүңдү жакшы түргө келтирүү керек.
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду "ололохауз" менен өнөктөштүктө өткөрүп жаткан кезектеги «Турмуш...50+» жолугушуусунда 4-апрелде «Сулуулук жазда башталат» жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун учурунда «Bielita BITЭКС» салонунун косметолог визажисти Чолпон беттин териси жөнүндө кантип камкордук көрүү керектиги, аны намдап туруу канчалык маанилүү экендиги, канчалык тез-тез тазалап туруу керектиги тууралуу кыскача айтып берди жана ушул жолугушуунун катышуучуларында болгон көптөгөн суроолорго жооп берди. Биздин мейманыбыз «күндүзгү макияжды кантип туура жасоо керектиги» жагынан мастер-класс өткөргөндө, көпчүлүк сырлар айкын болуп калды. Жеңил, күндөлүк макияж жасалган катышуучу кыздардын биринин мисалында бардыгы косметикалык болсо да «кистинин» аркасында айымдын сулуулугу өзгөргөнүн көрө алды.
Каалагандардын бардыгын кийинки жолугушууларга чакырабыз, алар Ибраимов көчөсү 103, Виктори борбору, 3-кабат дареги боюнча өтөт. Анонсторго көз салгыла!