«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»: Юлия Руцкая кайрадан балдарда мейманда
March 31, 2017, 06:00Азыркы балдарды тарбиялоо өзүнө бир нече аспекттерди, жаңы методдорду жана методологияны киргизүүнү камтыйт. Бирок балдарды тарбиялоонун жана айлана-чөйрөдөгү дүйнөгө тартуунун өзгөрүлбөс, эң актуалдуу ыкмасы болуп китеп окуу саналат.
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду "ололохауз" менен бирдикте «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясын өткөрүп турат, аларга жаш угармандарды кызыктуу китептерди окуп берүү менен кубантуу үчүн белгилүү жылдыздар чакырылат.
30-мартта ар башка мектептерден келген, 3 жаштан тартып жана андан улуу балдарга атактуу ырчы Юлия Руцкая «История одной монеты» («Бир монетанын таржымалы») деген өтө кызыктуу китепти окуп берди. Сүрөттөрү бар ушул китептин автору жаш сүрөтчү жана мыкты педагог Марина Мокрополова да угармандар менен биздин жолугушуубузга келди жана алар үчүн сүрөт тартуу боюнча мастер-классты өткөрдү. Юлия Руцкая эң сонун окуп берген китеп жаш угармандарга абдан жакты жана алар китеп боюнча өздөрүнүн сүрөттөрүн Марина Мокрополованын кунт коюп көз салуусунун астында канааттануу менен тартышты.