Кыргызстанадын экс-Президенти Р.И.Отунбаева Стамбулда ПРООНдун «Тобокелдиктер жана туруктуулук» региондук конференциясында доклад менен сөз сүйлөдү

March 24, 2017, 06:00

Кыргызстандын экс-Президенти Р.И. Отунбаева 23-24-мартта Стамбуледа ПРООНдун региондук конференциясына катышты жана «Гендердик теңчилик, өзгөчө окуялардын тобокелдиктери жана туруктуу өнүгүү» деген негизги докладдардын бири менен сөз сүйлөдү.

 

Чыгыш Европа өлкөлөрү, Түркия жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн 2015-жылы башталган ар жылдагы үчүнчү «Өнүгүү боюнча Стамбул диалогдору» региондук аянтчасы бул жолу климаттын өзгөрүшү, экология, социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр, жаратылыш апааттары менен байланышкан катаклизмдер темасына, ошондой эле региондо тынч өнүгүүгө коркунуч туудурган саясий тобокелдиктердин таасирине арналды. Көрүнүктүү эксперттердин, БУУнун, ОБСЕнин, ЕСтин системасына кирген эл аралык уюмдардын, региондогу өлкөлөрдүн өкмөттүк чиновниктеринин катышуусу менен 2030 – туруктуу өнүгүүнүн жана глобалдык күн тартибинин максаттарынын контекстинде ушул тобокелдиктерди кыскартуу жана коомчулуктардын туруктуулугун чыңдоо боюнча чаралар талкууланды. Конференцияга ПРООНдун Администратору жана БУУнун Башкы катчысынын орун басары Хелен Кларк, Түркиянын өнүктүрүү министри Лютфи Эван катышты.