«Радиомектеп»: Бир жашка чейинки балдардын майдабарат моторикасын өнүктүрүү

March 13, 2017, 06:00

Сиз наристеңиз ойдогудай жана жигердүү өнүгүшүн, ал эрте сүйлөп башташын, ал эми анын сөздөрү так болушун каалайсзбы? Көрсө, кептин баары манжаларда, тагыраак айтканда жакшы өнүккөн майдабарат моторикада экен. Ошондуктан ишти мүмкүн болушунча эрте баштоо керек. Майдабарат моториканы өнүктүрүүгө болот жана аны наристе кезинде – биринчи айдан тартып баштоо керек.

 

Муну кантип тура жасоо керектигин, дегеле эмне майдабарат моторика болуп саналаарын жана анын кандай өзгөчөлүктөрү бар экенин бардыгы эле биле бербейт. Моториканы өнүктүрүү үчүн балдар менен кандай сабактарды, оюндарды жана көнүгүүлөрдү өткөрүү керек? Биз бардык ушул маселелерди студиябыздын мейманы - №1 ЦСМдин педиатры Б.Жусупова жана психолог, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин доценти Эркин Өмүралиев менен эфир учурунда кең-кесири карап чыктык.