«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Кендирбаева Догдуркүл TechWomen Силикон өрөөнүнөн келген делегаттар менен жолукту

March 3, 2017, 06:00

2-мартта «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Кендирбаева Догдуркүлдүн TechWomen Силикон өрөөнүнөн келген делегаттар менен жолугушуусу болуп өттү.

 

TechWomen Силикон өрөөнүнөн Бишкекке келген делегаттар – булар дүйнөлүк ири IT-компаниялардын адистери жана менеджерлери, алар дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүндө жашаган, IT-чөйрөсүндө, инженерияда жана математикада ийгиликтүү мансап түзгөн ийгиликтүү лидер аялдардын курамына кирет. Дүйнө боюнча саякаттап жана ар кандай өлкөлөрдүн жаштары менен жолугушуп, алар жаш муунду инновациялык технология жагынан окууга жана өнүгүүгө шыктандыруу максатында өз тажрыйбасы менен бөлүшөт.

 

Догдуркүл Шаршеевна Фонддун иши жөнүндө презентация жасап, СТЕМ жана «Билим кербени» долбоорлоруна өзгөчө токтолду, ошондой эле Силикон өрөөнүнүн өкүлдөрүнүн бардык кызыктырган суроолоруна жооп берди.

 

Ошондой эле жолугушууда АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Кыргыз-герман техникалык институтунун жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болду.

 

TechWomen программасы жөнүндө кыскача маалымат:

TechWomen эл аралык программасы – илимдеги, технологиядагы, инженериядагы жана математикадагы лидер аялдар үчүн программа. Алыш-бериш жана кесиптик насаатчылык программасы бүткүл дүйнөдөн, анын ичинде Кыргызстандан 100 айымды бириктирет. Программага катышуу үчүн кеминде эки жылдык кесиптик тажрыйба, бакалавр даражасы жана англис тилин билүү зарыл.