Улуттук филармониянын кичи залында жүрөк толгон сүйүүнүн, жылмаюунун, бактынын жана сергектиктин кечеси өттү
March 6, 2017, 06:00Бир жолу айымдар эркектерден майрамды тартып алды. Алардын ушул күндөгү эрдиктери жөнүндө фактылар тарыхта толгон токой. Аны «бош мискейлердин маршы» дүңгүрөтө баштады, аны 19-кылымдын ортосунда Нью-Йорктун текстилчи кыздары өткөргөн. Андан кийин үч жыл катары Тең укуктуулук деген бир талап менен дагы үч иш таштоо өткөрүлдү. Анын натыйжасында Клара Цеткин биринчи жолу сунуш кылган 8-Март аялдардын эл аралык күнү болуп калды.
Майрамдын алдында Улуттук филармониянын кичи залында «Аялдарга арноо» деген сонун поэзия кечеси өттү, анда үч жаш талантуу акын Мирлан Алтымыш уулу, Мелис Маматжанов жана Бердибек Жамгырчиев ырларын окуп берди.
Бул кечеде бардык ырлар айымдарга – энелерге жана аялдарга, эжелерге, алардын мээримине жана сулуулугуна, алардын күчүнө жана чабалдыгына, алардын камкорчулугуна арналды. Жаш акындар эркектер менен аялдардын өз ара мамилелеринин темасын да көңүлдүн сыртында калтырган жок.
Энелер үчүн жүрөктүн тереңине жеткен ырлар угармандарда толкунданууну жана көзгө тегеренген жашты пайда кылса, жубайларга арналган лирикалык ырлар зал тарабынан күлкү жана кубанычтуу жылмаюу менен тосуп алынды.
Жаш акындар өздөрүнүн жаркын талантынын бардык тарабын – салтанаттуудан тартып айкын жана дүрт эткен тамашага чейинкини көрсөттү. Жазгы сонун кече жылмаюу, кубаныч жана сергектик менен өттү.
Баарыңарды жакшы нерселер менен жаңы жолугушууда күтөбүз, кийинки поэзия кечеси 14-апрелде өтөт.