«Гений» радиопрограммасы: балдардын чыгармачыл жөндөмдөрүн кантип өнүктүрүү керек

February 26, 2017, 06:00

Илимпоздордун изилдөөлөрүнүн натыйжалары ар бир адам уникалдуу жана генетикалык жактан кайталангыс экенин далилдеди. Бирок эмнегедир ушул каталангыстык дал балдарда байкалып турат. Алардын чыгармачылыгы айланадагылардын ичин жылытат жана таң калтырат. Алардын ой жүгүртүүсүнөн кандай сүрөттөрдү, буюмдарды, сөздөрдү, канчалык фантазияларды жана аруулукту көрүүгө болот!

 

Бирок жашы өтүшүнө жараша көпчүлүк балдар өзүнүн ой жүгүртүүсүндө жана чыгармачылыгында башкаларга окшош болуп кала тургандыгы байкалган. Алар «башкалардай болуу» принциби боюнча жашоого умтулуп жаткандай. Айрымдары гана өзүнүн чыгармачыл өзгөчөлүгүн сактап жана өөрчүтө алат.

 

Кезектеги «Гений» радиопрограммасынын эфиринин темасы – «Балдардын чыгармачыл жөндөмдөрүн кантип өнүктүрүү керек». Бүгүн эксперттер менен бирге биз чыгармачыл жөндөмдөр деген эмне экени, алар кантип калыптанаары жана алар эмне үчүн керектиги жөнүндө маек курабыз. Чоң кишилер мындай кеңештерди алат: бала өзүнүн дараметин ачуусу эмне кылуу кереки, ошондой эле бул жолдо каталарды жана адашууларды кантип болтурбоо керек.

 

Студиядагы эксперттер: "Багыт KG" коомдук фондунун төрагасы, педагогикалык илимдердин кандидаты Касымов Адыл жана Кыргыз билим берүү академиясынын технология жана көркөм өнөр лабораториясынын кызматкери, окуу китебинин автору Акматов Дамир.