Келе жаткан жаздын майрамынын алдында «Аялзатына арноо» аттуу поэзия кечеси өтөт

February 27, 2017, 06:00

2017-жылдын 3-мартында Кыргыз Улуттук Филармониясынын Кичи залында «Аялзатына арноо» аталышындагы поэзия кечеси болот. Аты айтып тургандай бул кече Аялдардын 8-март эл аралык майрамына карата өткөрүлөт. Жаш акындар Мирлан Алтымыш уулу, Мелис Маматжанов жана Бердибек Жамгырчиев аялзатына арналган ырларын окуп беришет.


Ошондой эле кече учурунда поэтикалык флешмоб уюштурулат, тактап айтсак, каалоочулар - уулу апасына, атасы кызына, агасы карындашына, күйөөсү аялына, небереси чоӊ апасына арнап 4 сап ырын окуп коё алат жана ал ырды Фейсбук баракчасындагы #Поэзия кечеси #Аялзатына арноо» хештегинин алдына жайгаштырса болот.


Сиз үчүн абдан кымбат болгон аялзатына ыр арнаӊыздар, ал сиз жазган ырбы, же сизге жаккан башка акындардын ырыбы, башкысы жүрөгүӊүздөн чыккан ысык сезимди билдирип турса болду.


Ырлардагы ысык сүйүү жаздын келишин тездетсин!