Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева кайрылуу жасады

February 27, 2017, 06:00

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева өлкөдөгү соңку окуя - «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кармалышына байланыштуу кайрылуу жасады.


Кайрылууда экс-президент Роза Отубнбаева, кечээ күнү мамлекеттик ишмер, Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин күч менен «эл аралык тероррист сыяктуу кармалышын» айыптаган.


«Мамлекеттик ишмер, Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Текебаев Өмүрбек Чиркешовичти учактан түшө бериште ага тагылып жаткан айыптоолорго шайкеш келбей тургандай орой күч колдонуу менен эларалык террористти кармагандай кылып камакка алынышы өлкөдө бийликтин биратоло кубулуп кеткенин далилдейт. Камакка алуу фактысы гана эмес, андан кийинки маалымат каражаттары аркылуу адамды болуп көрбөгөндөй каралоону дагы саясий куугунтук деп айтууга толук негиз бар. Мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу күмөндүү күбөлөрдүн айткандары массалык түрдө тынымсыз таңууланууда. Бул ар бир жарандын күнөөсү далилденгенге чейин ал күнөөсүз деген мамлекет тарабынан берилүүчү кепилдикти тануу. Бул анык саясий куугунтук!»,-деп айтылат кайрылууда.


Ошондой эле экс-президент Өмүрбек Текебаевдин «эркин Кыргызстандын калыптанышына жана өнүгүшүнө эбегейсиз зор салып кошконун» белгилеген.


Кечээ күнү Өмүрбек Текебаев Европадан иш сапарынан кайткан учурда, "Манас" аэропортунан таңкы саат төрттөр чамасында атайын кызмат тарабынан камакка алынган. Андан алдын Өмүрбек Текебаевге орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар пара алган деп "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козголгон эле.


Өмүрбек Текебаевдин 48 саатка камакка алынышына байланыштуу кечээ күнү нааразылык акциялары өттү. Парламентте айрым фракциялар бул окуяга байланыштуу кезексиз жыйынга чогулууну демилгнелеп жатат. «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы Жогорку Кеӊештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча парламент төрагасына кайрылуу жолдогону белгилүү болду.


ВВС