«Аялзатына арноо»
February 21, 2017, 06:00Урматтуу достор!
Сиздерди жаздын алды менен 3-март күнү өтө турган "Аялзатына арноо" деп аталган Поэзия кечесине чакырабыз.
Келе жаткан айымдардын Эл аралык жаз майрамына карата жалпыңыздарды энелерге, эже-карындаш, сиңдилерге жана жалпы эле аялзатына арналган «Аялзатына арноо» аттуу поэзия флешмомуна катышууга чакырабыз.
Келиңиздер, аялзатына арналган ырларды көркөм окуп, фейсбук аркылуу #Поэзия кечеси# деген хештег менен жайгаштырабыз.
Бул флешмомго акындар эле эмес, баарыңыздар акындардын аялзатына арналган ырларын окуп катыша аласыздар. (мырзалар- апасына, жубайына, кызына, эже-карындашына, ал эми айымдар-энелерге, аялзатына арналган ырларды окуса болот).
Кече 2017-жылдын 3-мартында Кыргыз Улуттук филармониясынын Кичи залында өтөт.
Кирүү акысыз.