«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду жоокерлерге белек тапшырды
February 22, 2017, 06:00Бүгүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара тозотторуна 12 аталыштагы 1162 нускадагы, жалпы басы 218000 сомду түзгөн китептерди белекке берди. Алардын арасында «Манас» в рисунках», С.Жусуевдин «Тоо жаӊырткан чагылган», А.Токтомушевдин «Балдарга базарлык», «Кыргыздын кереметтүү жомоктору», А. Капалдын «Досторум конокко чакырат», Д.Кендирбаеванын «Ынтымак сыры», Маомаонун «Менин атам Дэн Сяопин», М.Гандинин «Өмүр таржымакалым же чындыкка умтулуу жаатындагы баяным», жана башка китептер бар.
Белгилей кетсек, бул китептердин баары аталган фонд тарабынан даярдалып, жарык көргөн.
Китептерди бүгүн «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун офисинде фонддун аткаруучу директору Д.Ш.Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Чек ара Кызматынын тарбия иштери боюнча башкармалыгынын ага офицери, полковник Т.К.Сабыровго тапшырды.