Борбордун мектептеринин мугалимдери «Климаттын өзгөрүшүнүн көйгөйү» жөнүндө РИО Конвенциясы (Рио-де-Жанейро) менен таанышты
February 14, 2017, 06:006- жана 10-февралда «Экология боюнча лекторийдин» лекцияларынын алкагында Бишкек шаарынын химия, биология жана география мугалимдери «Климаттык кутуча. Билим берүү процессине интеграциялоого карата мазмун жана методикалык ыкмалар» лекцияларын укту, алар №84 жана №13 мектептерде өттү.
Интерактивдүү лекциянын жүрүшүндө борбордогу мектептердин табигый илимдер боюнча 80ден ашык окутуучусу Рио-де-Жанейродо 1992-жылы «Жер саммитинде» кабыл алынган жана 1994-жылдын 21-мартында күчүнө кирген Климаттын өзгөрүшүнүн көйгөйү боюнча РИО Конвенциясы (Рио-де-Жанейро) жөнүндө жана конвенцияны Кыргызстандын билим берүү процессине интеграциялоого карата методикалык ыкмалар жөнүндө жана климаттын өзгөрүшүнүн көйгөйлөрү – анын жаратылышка жана адамга таасири жөнүндө, ошондой эле климаттын коркунучтуу өзгөрүүлөрүн четтетүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алды. Лекцияны эксперт-эколог Анна Кириленко өткөрдү.
Ошондой эле мугалимдер жаңы БИК – Балдардын илимий комплекси музейи менен таанышты. Кыргызстандагы биринчи илим жана техника музейи 2016-жылы балдар, шаардыктар жана борбордун меймандары үчүн ачылган.
Лекторийдин катышуучуларынын айтымы боюнча: «Лекциялар өтө пайдалуу, өзгөчө жаш окутуучулар үчүн пайдалуу, анткени алынган маалыматты сабактарда жана класстан тышкаркы сабактардын учурунда колдонууга болот».
Мугалимдер үчүн бул лекторий «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта уюштурулду.