20-январда КР Эл жузуучусу Сагын Акматбекованын поэзия кесеси өттү

January 21, 2017, 06:00

20-январда КР Эл жузуучусу Сагын Акматбекованын поэзия кесеси өттү.

 

Сагын Акматбекованын терең поэзиясы окурманды жөн гана өзүнө тартып албастан, ошондой эле ойлонууга, маанисин түшүнүүгө мажбурлайт. Өзү жөнүндө акын булары айтат: анын мүнөзү оңой жана жеңил эмес, жашоосу татаал. Анын иштеринин көпчүлүгү анын ушул татаал жолдорун жана өмүрүндөгү окуяларды, толгонууларын жана сезимдерин чагылдырат.

 

Анын поэзиясын жаштардан тартып чоң кишилерге чейин, Бишкектен тарытп Ак-Талаага чейин көптөгөн ададмар жактырат, ал жактан ушул автордук Кечеге акындын чыгармачылыгын аздектеген адам атайын келди.

 

Эң алгачкы ырларын да, кийинки жетилген ырларын да поэзияны сүйүүчүлөр бирдей жакшы көрөт.

 

Поэзия кечесинде ырларды автор гана эмес, ошондой эле көрүүчүлөр: профессорлор жана котормочулар, журналисттер, анын кеиптештери жана кала берсе жетимиш жаштагы Керез Зарлыкова окуду, ал Сагын Акматбекованын ырларын абдан жакшы көрөт.