«Балдар филармониясы»: П.И.Чайковскийдин жомок дүйнөсүндө
January 30, 2017, 06:0028-январда Петр Ильич Чайковсковскийдин чыгармачылыгы боюнча «Жомок дүйнөсүнө» деген мыкты концерт өткөрүлдү. Бул Фонд жана Филармония Швейцариянын КРдагы Элчилигинин колдоосу менен уюштурган «Балдар филармониясы» музыкалык-билим берүү программасынын жетинчи концерти болду.
Чайковскийдин балеттери – бул балдар менен чоң кишилер үчүн жомок, бийдин кооздугунун жана жанды сергиткен музыканын жуурулушуусу.
Алып баруучу – Кыргыз Улуттук Консерваторясынын аспиранты Алтынай Абетекова көрүүчүлөргө композитордун чыгармачылыгы жөнүндө айтып берди, роялдын түзүлүшүнүн жана анын түрлөрүнүн жашыруун сырларын ачып берди.
Концерттин экинчи бөлүгү Чайковскийдин балеттерине арналды. Ар бир балеттин негизинде жомок же уламыш жатат. Зөөкүр сыйкырчы тарабынан жаңгак чагуу үчүн оюнчукка – щелкунчикке айланып калган ханзада жөнүндө жомок, зөөкүр сыйкырчынын сыйкырынын айынан ак кууга айланган хан кыз жөнүндө уламыш – "Лебединое озеро" («Ак куулардын көлү») белети.
Опера жана балет театрынын солисти Аккар Мамбетахунова балеттик «таңгактын» – балеринанын классикалык балеттик костюмунун тарыхы жана пуанттар – балеттик бут кийим жөнүндө көрүүчүлөргө айтып берди.
Кызыккандыгы жана колдоосу үчүн бардык көрүүчүлөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз жана сиздерди Февралдагы кийинки концертте күтөбүз. Биздин сайттагы жаңылыктарга көз салгыла: www.roza.kg