«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2017-жылдын февралына иш-чараларынын дайджести

January 31, 2017, 06:00



«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын

  

2017-жылдын февралына

 

иш-чараларынын дайджести

 

 

 

 

3-ФЕВРАЛЬ (жума) - «Менин жашыл досум» эко-акциясы

Убактысы: 09:30-11:00

Кайда: № 71 мектепке чейинки билим берүү уюму (МЧБУ)

Бишкек шаарынын МЧБУларынын методисттери үчүн семинардын алкагында № 71 МЧБУда «Менин жашыл досум» эко-акциясы

Бул акция бөлмөдө өсүүчү герань гүлүн туура отургузуу боюнча МЧБУнун тарбиялануучулары менен өткөрүлүүчү иш-чараны билдирет

Акциянын максаты – балдардын экологиялык ишке кызыгуусуна дем берүүчү шарттарды түзүү, МЧБУнун тарбиялануучуларынын чыгармачыл жана интеллектуалдык потенциалын ачып көрсөтүү, гүл өстүрүү боюнча практикалык ишке балдарды тартуу.

Тили: кыргыз, орус

Телефон: 0556 205305, 0550 328899

Сайт: festival.roza.kg, www.roza.kg

 

 

6- жана 10-ФЕВРАЛЬ (дүйшөмбү жана жума) - Химия, биология жана география мугалимдери үчүн экология боюнча лекторий

Убактысы: 12:00

Кайда: 6-ФЕВРАЛЬ - № 84 СОШ, 10-ФЕВРАЛЬ - № 13 мектеп гимназиясы

Интерактивдүү лекция төмөнкү темада: борбордогу мектептердин мугалимдери үчүн «Климаттык куту. Билим берүү процессине интеграциялоого карата методикалык ыкмалар жана маңызы»

Тили: орус

Телефон: 0556 205305, 0550 328899

Сайт: festival.roza.kg, www.roza.kg

 

 

2, 9, 16, 23-ФЕВРАЛЬ (бейшемби) – «Билим кербени: Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн табигый илимдердин көчмө өнөрканасы»

Убактысы: 12:00

Кайда: № 89, 74, 61, 45 СОШ

«Жаш бишкектиктин эко-эрежелери» темасына интерактивдүү лекция-презентация, «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында 5-8-класстардын окуучулары үчүн социалдык эко-роликтерди жана «Адам жана таштанды» мультфильмин көрсөтүү.

Тили: кыргыз, орус

Телефон: 0556 205305, 0550 328899

Сайт: festival.roza.kg, www.roza.kg

 

 

23-январь - 6-ФЕВРАЛЬ - «Өткөндөгүнү коргоо менен келечекке дем беребиз» көргөзмөсү

Качан: 23-январь - 6-ФЕВРАЛЬ

Кайда: Бишкек шаары, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен бирдикте Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын Өкүлчүлүгү уюштурган «Өткөндөгүнү коргоо менен келечекке дем беребиз» көргөзмөсү

Телефон: 0555004240

 

 

17-ФЕВРАЛЬ - Бурулкан Карагулованын поэзия кечеси

Качан: 17-ФЕВРАЛЬ 17.00-18.30

Кайда: Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын Кичи залы

Бурулкан Карагулованын поэзия кечеси.

Эшик ачык.

Телефон: 0772800376

 

 

 

18-ФЕВРАЛЬ - "Балдар филармониясы": Үйлөмө аспаптардын парады

Качан: 18-ФЕВРАЛЬ 11.00-12.00

Кайда: Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын Чоң залы

«Балдар филармониясы» программасы окуу жылынын аралыгында айына бир жолу өткөрүлөт. Концерт «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан КР Куралдуу Күчтөрүнүн Жыйынды оркестри менен бирдикте өткөрүлөт.

Телефон: 0772800376