Масару Ибука «Уч жаштан кийин кеч»
January 23, 2017, 06:00Китептин автору Масару Ибука Жапониядагы “Сони” компаниясынын негиздөөчүсү бала менен алгачкы күндөн тартып өтө дыкат алектене баштоо абдан зарыл экендигин белгилейт. Кенже курактагы балдар эмнени болбосун абдан жеңил үйрөнө аларын турмуштук мисалдын негизинде, жалпак тил менен айтып берет. Нобель сыйлыгынын ээси, экономист Жеймс Хикман адамдардын ортосундагы жөндөмдүүлүктөр кенже куракта пайда болуп, алар менен системалуу иштөөнү канчалык эрте баштаса, ошончолук майнаптуу болоорун белгилеген. Ал тургай, ал экономикалык эсептөөлөрдү жасап, мектеп жашына чейинки балдарга жумшалган бир доллардын кайтарымы, 7-8 доллардан кем болбой тургандыгын эсептеп чыккан.
Балдардын толук кандуу өнүгүшүндө, бактылуу жана ийгиликтүү болушунда ата-эненин жана курчап турган чөйрөнүн чечүүчү мааниге ээ экендигине басым жасайт.
Китеп балдар үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына жана алардын ар тараптуу өнүгүшүнө кам көргөн бардык ата-энелерге арналат.
Автору: Масару Ибука, орус тилинен которгон: А. Жоодонбеков, Бишкек-2015.
Китептерди сатып алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылсаңыздар болот:
Бишкек шаары, Чуй проспекти 106, каб.108
т. 0312660382, 0552085161, 0700648904 Асель Джумагулова.
e-mail: ilimay@mail.ru