«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2017-жылдын январына иш-чараларынын дайджести

January 3, 2017, 06:00


«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын

 

2017-жылдын январына

 

иш-чараларынын дайджести

 

 

 

3-4-5-ЯНВАРЬ - «Көркөм өнөрдүн кварталындагы» каникул

Качан: 3-4-5-ЯНВАРЬ

Кайда: «Эмен сейил багы» галереясы жана Ч. Айтматов атындагы Орус драма театры

 

1. «Эмен сейил багы» галереясында

Сүрөт тартуу (сангина, пастель) боюнча «Да Винчинин коду» мастер-классы. Интерактивдүү көрсөтүү – Леонардо да Винчинин турмушундагы таң калычтуу жана табышмактуу нерселер. Леонардонун «изи боюнча» мастер-класс, пастель, сангина менен сүрөт тартуу. (50 мүнөт).

Чебер – Ольга Дунганова, архитектор, сүрөтчү- педагог.

«Механизмдер. Учуу» квест-оюну.

Кайра жаралуунун Титаны бизге калтырган табышмактарды (ойлорду, механизмдердин чиймелерин) жандырабыз.

«Стилди кайра жаратуу» фоторамкасы.

Өткөн доорлордун стилинде үлгүлөрдү түзүү, эстеликке фотого түшүү.

 

2. Сүрөтчүнүн өнөрканасындагы «Жашыл эшик».

Данакан Адашканованын живопись боюнча «Жөнөкөй акыйкаттар» арт-классы.

Д. Адашканова – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Сүтөтчү-живописчи.

«Чыгармачылык боюнча гид» интерактивдүү оюну. Jigsaw, «фрагменттер»

 

3. Театрдын өнөрканасындагы «Бутафор»

«Кутучаны жаса» мастер-классы

«Бутафорлордун уламыштары жана тарыхы» интерактивдүү аңгемеси, мастер-класс – жыгачтын кесиндилеринен кутучаны жасоо. (1, 30 саат).

Чебер – Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрынын реставрациялык-бутафориялык өнөрканасынын башчысы, скульптор, сүрөтчү жана педагог- Жестовский Николай.

«Өткөндөргө карай утурлап» квест-оюну.

Телефон: 0772 800 376

 

 

19-ДЕКАБРДАН – 2017-ЖЫЛДЫН 16-ЯНВАРЫНА ЧЕЙИН – «Өткөндөгүнү коргоо менен келечекке дем беребиз» көргөзмөсү

Качан: 19-декабрдан – 2017-ЖЫЛДЫН 16-ЯНВАРЫНА ЧЕЙИН

Кайда: РФнын Биринчи Президенти Б.Ельцин атындагы КРСУнун Архитектура, дизайн жана курулуш факультети.

Ага Хан Өнүктүрүү тармагынын өкүлчүлүгү «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен бирдикте уюштурган «Өткөндөгүнү коргоо менен келечекке дем беребиз» көргөзмөсү

Телефон: 0555 004 240

 

 

21-ЯНВАРЬ - Поэзия кечеси

Качан: 21-ЯНВАРЬ саат 17:00

Кайда: Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын Кичи залы

Кыргыз Республикасынын эл акыны жана котормочу Сагын Акматбекованын чыгармачылыгына арналган поэзия кечеси

Телефон: 0772 800 376

 

 

28-ЯНВАРЬ - Балдар филармониясы

Качан: 28-ЯНВАРЬ саат 11.00дөн 12.00гө чейин

Кайда: Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармония

Телефон: 0772 800 376

 

 

ЯНВАРЬ-ДЕКАБРЬ - Ата-энелер үчүн радиомектеп

Кайда: Кыргыз радиосу

2017-жылдын январынан тартып «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жана КТРКнын «Кыргыз радиосу» радиостанциясынын «Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү» багыты боюнча «Ата-энелер үчүн радиомектеп» деген биргелешкен жаңы долбоору ишке киргизилет. Бул долбоордун алкагында күнүнө эки жолу ата-энелер үчүн пайдалуу кеңештер берилет, ошондой эле угуучуларга балдарды эртелеп өнүктүрүү боюнча адистин интервьюсу айына эки жолу сунуш кылынат.

Бул долбоордун максаты – кенже курактагы балдарды өнүктүрүү жагынан ата-энелерди пайдалуу маалымат жана адистердин кеңештери менен камсыз кылуу.

Телефон: 0552 855 710