«Гений» радиопрограммасы: Балдарды эртелеп өнүктүрүүнүн жетишкендиктери, көйгөйлөрү жана келечектери
December 31, 2016, 06:00«Гений» программасынын Жаңы жылдын алдындагы чыгарылышы. Эфирдин темасы: Балдарды эртелеп өнүктүрүүнүн жетишкендиктери, көйгөйлөрү жана келечектери.
Меймандар: Кендирбаева Догдургүл – «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун Аткаруучу директору.
Токтомамбетов Алмаз – Кыргыз билим берүү академиясынын башталгыч жана мектепке чейинки билим берүү лабораториясынын башчысы, педагогикалык илимдердин кандидаты.
Соңку жылдары мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүү маселелеринде эмнелерге жетишилди? Кандай көйгөйлөргө дуушарланып жатабыз? Бул көйгөйлөрдү чечүүдө ата-энелердин, коомчулуктун жана мамлекеттик структуралардын ролу кандай? Биздин балдарыбыз бактылуу болушу жана ойдогудай өнүгүшү үчүн биз эмне кылууга тийишпиз? Жаңы жылдын алдында биз ушул жана башка маселелерди талкуулоого аракет кылдык.