Бишкекте АКШдан келген фортепиано дуэтинин классикалык музыканын кайрымдуулук концерти өттү
December 20, 2016, 06:00Т.Сатылганов атындагы филармониянын Кичи залында 2016-жылдын 18-декабрында АКШдан келген фортепиано дуэтинин – Клара Фрей-Чотоеванын жана Темиржан Ержановдун «Классикалык феерия» аталыштагы классикалык музыканын кайрымдуулук концерти өттү.
Иш-чарага М.Абдраев атындагы жатак мектептин 200дөн ашык окуучусу катышты. Концерттин программасында Шуберттин, Брамстын чыгармалары, Мендельсондун Полонези, Венгер, Француз Вальсы, Мазурка, Экосез, Променад аткарылды.
Клара Фрей-Чотоева М.Абдраев атындагы музыкалык мектептин бүтүрүүчүсү болуп санала тургандыгын белгилеп кетүү керек. «Концерт мен өз өмүрүмдүн 11 жылын өткөргөн музыкалык мектептин муктаждыктарына акча чогултуу үчүн пландаштырылган. Бул мектеп кайталангыс. Ал дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарынан музыкалык жактан өнөрлүү балдарды табуу жана тарбиялоо максатында түзүлгөн. Биз угуучуларга төрт кол менен ойнолуучу фортепиано үчүн чыгармаларды сунуш кылдык, алар Кыргызстанда гана эмес, ошондой эле чет өлкөлөрдө сейрек ойнолот», - деп айтты К. Фрей-Чотоева.
Эртеси күнү, 19-декабрда, М.Абдраев атындагы жатак мектепте К.Фрей-Чотоеванын патронаждыгы астында фортепиано классынын окутуучулары үчүн конкурс өттү. «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФда белгилегендей, конкурстун максаты – Кыргызстанда фортепианодо аткаруу өнөрүнүн деңгээлин көтөрүү, айкын айырмаланып турган таланттуу жаш музыканттарды табуу, педагогдордун эмгегине дем берүү, дүйнөлүк эмгек рыногунда атаандашууга кудуреттүү музыканттарды даярдоо.
20-декабрда Консерваторияда жана М.Абдраев атындагы жатак мектепте мастер-класстардын сериясы өттү.