Р.И.Отунбаева Саньеде (Хайнань, Кытай) ар жылдагы Форумда сөз сүйлөдү
December 19, 2016, 06:002016-жылдын 9-11-декабрында Кыргызстандын экс-Президенти Р.И. Отунбаева Саньеде (Хайнань, Кытай) «Азыркы учурдагы экономикалык кырдаалдын өңүтүндөгү инклюзивдик өсүш» деген аталыштагы ар жылдагы Форумдун ишине катышты жана аялдардын алдында турган дүйнөлүк көйгөйлөрдүн темасы боюнча сөз сүйлөдү.
Форум демейде дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарынан алда канча белгилүү экономисттерди, финансисттерди, политологдорду жана саясатчыларды чогултат. Форумда башка башкы баяндамачылардын арасында Германиянын мурдагы президенти Х.Келлер, АКШнын мурдагы вице-президенти Альберт Гор сөз сүйлөдү.