Билим берүү фестивалы эл аралык сыйлыкты алды

December 10, 2016, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Билим берүү фестивалы» "Global Event Awards-2016" эл аралык сыйлыгын алды, сыйлоо аземи 4-декабрда Sofrino park-hotel’де (Москва, Россия Федерациясы) өттү.

 

Global Event Awards – бул Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Латвия, Литва, Азербайжан, Армения, Эстония сыяктуу өлкөлөрдүн мыкты иш-чараларынын жана ивент агенттиктеринин ортосундагы эл аралык сыйлык.

 

КМШнын жана Прибалтиканын 11 өлкөсүнөн 50 компания 2016-жылы ар кандай номинациялардагы 80ден ашык иштерди сунуш кылды.

 

Мыктылардын мыктылары, анын ичинде Кыргызстандан келгендер жеңүүчүлөрдөн болуп калды.

 

Кыргызстандын Фестивалы «Балдардын мыкты иш-чарасы» катары Эл аралык сыйлыктын ардактуу 3 ордун ээледи, бул Кыргызстанда гана эмес, ошондой эле анын чегинен тышкары жакта ушул иш-чаранын маанилүүлүгүн, сапатын жана маанисин дагы бир жолу ырастайт.

 

Эске сала кетсек, 2016-жылдын 28-октябрында Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) EVENT AWARDS CENTRAL ASIA Борбордук-азиялык сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо болуп өткөн, ал жерде «Борбордук Азиядагы мыкты билим берүү иш-чарасы» номинациясында «Билим берүү фестивалы» 1-орунду алган.

 

«Билим берүү фестивалы» долбоорунун командасы биздин өлкөдө билим берүүнү алга илгерилетүүгө колдоо көрсөткөндүгү жана салым кошкондугу үчүн бардык демөөрчүлөргө, өнөктөргө жана досторго ыраазычылык билдирет!