Кенже курактагы балдарды окутуу жана тарбиялоо маселелери боюнча семинар

December 14, 2016, 06:00

Кенже курактагы балдарды эртелеп окутуунун жана тарбиялоонун практикалык ыкмаларын өнүктүрүү максатында 6-7-декабрда Душанбе шаарында семинар өткөрүлдү. Семинарга Тажикстандан, Кыргызстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан келген балдарды кенже кезинен тартып өнүктүрүү жагындагы адистер катышты. Семинардын жүрүшүндө заманбап изилдөөлөрдүн, түшүнүктөрдүн жана тенденциялардын баяндамасы берилди, алар азыр эрте курактагы педагогиканын, практикалык ыкмалардын жана бул жагындагы саясаттын маңызын аныктайт. Катышуучулардын негизги көңүлү кенже курактагы балдар үчүн жогорку сапаттагы, тең укуктуу, туруктуу жана натыйжалуу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө көмөктөшүүчү процесстерге бурулду. Семинардын программасы өзүнө презентацияларды жана практикалык сабактарды айкалыштырды. Катышуучулар кенже курактагы балдар менен иштеген педагогдорду кесиптик даярдоо боюнча алдыңкы идеялар менен таанышты, ар кандай өлкөлөрдө балдарды кенже кезинен өнүктүрүүнүн практикалык усулдарын пайдалануунун учурдагы тенденциялары жөнүндө маалымат алды.

 

Семинарды педагогика илимдеринин доктору, Колумбия Университетинин педагогикалык колледжинин профессору Шэрон Линн Каган жана ЮНИСЕФтин өкүлү, илимдин доктору Дипа Гровер алып барды.

 

8-декабрда Тажикстандын, Кыргызстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрү балдарды кенже кезинен өнүктүрүү жагынан эмнелерге жетишилгендиги, балдарды кенже кезинен өнүктүрүү боюнча кызматташтыктын жолдору жана биргелешкен пландар жөнүндө пикир алышты.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун атынан семинардын ишине Аткаруучу директор Д.Ш. Кендирбаева жана долбоордун координатору Жоодонбеков Асылбек катышты.