Кристенсен Фондунун Борбордук Азиядагы өнөктөрүнүн эко-долбоор жөнүндө вестниги
December 15, 2016, 06:00Урматтуу өнөктөр жана достор!
Силердин назарыңарга Кристенсен Фондунун Борбордук Азиядагы өнөктөрүнүн вестниги сунуш кылынат, №4 чыгарылышы - 2016.
Бүгүнкү чыгарылышта «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду (Кыргызстан) берген материал жайгашкан.
Бул номерден силер биздин Фонддун маанилүү жана орчундуу долбоорлорунун бири болгон «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун иши жана эмгегинин натыйжалары менен тааныша аласыңар.
2016-жылы биздин долбоорлор өнүгүшүбүздүн маанилүү, орчундуу темалары боюнча алда канча бышып жетилди, биринчи кезекте, бул билим берүүгө жана экологияга тиешелүү.