Австриянын биринчи айымы балдар менен (видео)

March 15, 2013, 06:00

Австриянын биринчи айымы Маргит Фишер табигий илимдерден сабак берген мугалимдер үчүн уюштурулган семинарга катышып, Вена шаарындагы илимий борбордун тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал муну менен катар “БИОМ” экологиялык кыймылынын катышуучулары менен да жолукту.


Жаш экологдор кымбат баалуу заттар менен эмес, колдонулбай калган буюмдар менен эле күнүмдүк турмушка керектелүүчү буюмдарды жасайт. Балдардын мындай эксперименттери жогорку даражалуу конокторду таң калтырды.


Окуучулар буга чейин спутник антенасы катары колдонулуп келген буюмду, ашканада тамак жасоочу мешке айландырган. Мунун менен 10-15 мүнөттө чай кайнатып, 5 мүнөттө жумуртка бышырса болот. Бул күн нурунан алынган энергия аркылуу ысыйт.


Семинарда Маргит Фишер жоктон бар кылып, күнүмдүк турмушта колдонгон буюм-тайымдарды жасоо менен окуучулар дүйнө таанымы кеңейе турганын белгиледи.


Австриянын биринчи айымы Маргит Фишер: “Азыр балдардын колунан жасалгандарды көрдүк. Андагы буюмдар биздин борбордо дагы жасалат. Биздин борбор жаштар жана балдар арасында илимди даңазалоо максатында уюштурулган. Аны менен окуучуларды илимге болгон кызыгуусун жаратып, аны жашообузда колдоно билүүнү үйрөтүү зарылдыгы турат. Борбор 20 жылдан бери иштеп келет жана көп өнөктөштөрүбүз бар."


Ал эми экс-президент Роза Отунбаева, балдарды табигий илимдерге тартуунун убак-сааты келди,-дейт.


Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева: “Энергетика менен тоо кен өнөр жайы куштун эки канаты сыяктуу. Ошондуктан окуучуларды инженер болууга үйрөтүш керек. Муну мектептер колго алышы зарыл. Аларды инженердик кесипке кызыктырыш керек.”




Гүлнара Касымбекова, Бактурсун Дүйшөнбеков, Коомдук биринчи канал.