Бишкек шаарынын мектептеринин мугалимдери үчүн IMAX залындагы эко-жолугушуулар
November 29, 2016, 06:0021- жана 25-ноябрда борбор шаардын мектептеринин мугалимдери үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте бүгүнкү күндө Кыргызстандагы биринчи жана жападан жалгыз IMAX кинозалында ("Космопарк" РЦ) экологиялык жолугушууларды өткөрдү.
Эко-жолугушууларга Бишкек шаарынын 94 мектебинин география, химия жана биология мугалимдери катышты.
Чогулгандардын алдында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Д.Ш. Кендирбаева, "БИОМ" ЭДнын өкүлдөрү В. Коротенко менен А. Кириленко жана Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын өкүлү Ш.М. Асаналиева сөз сүйлөдү.
Айтылган сөздөр мугалимдер үчүн экология боюнча жаңы тесттик методикалык иштеп чыгууларга, БУУнун глобалдык конвенцияларына – БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясына, БУУнун Чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча конвенциясына жана Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конвенциясына; ошондой эле туруктуу өнүктүрүүнүн орчундуу маселелерине арналды.
Ачык микрофондун жүрүшүндө мугалимдер өздөрүнүн суроолоруна эксперт-экологдордон жоопторду жана чакырылган лекторлордон алда канча кең-кесири маалыматтарды ала алды.
Бардыгы сөз сүйлөп бүткөндөн кийин эко-жолугушуунун катышуучулары адамзат менен бирге жашап жана өзгөрүп турган жана өзүнө аяр мамилеге тикелей көзкаранды болгон Жер планетасынын кайталангыс жана баарын камтыган портретин көрсөткөн «Сонун планета» илимий-популярдуу документалдык фильмин көрүп, IMAX’тин сапаттуу 3D сүрөтүнө жана үн системасына баа берди.
Эко-жолугушуулардын орду бекеринен IMAX кинозалында тандап алынган жок – уюштуруучулар мугалимдерди жаңы зал жана экология боюнча көрсөтмөлүү фильм менен тааныштырууга, мектептен тышкары айрым сабактарды өткөрүүнүн, сабактарда маалымат берүүнүн азыркы учурда жеткиликтүү жана натыйжалуу болуп саналган заманбап инновациялык формаларын пайдалануунун маанилүүлүгүн жана зарылдыгын көрсөтүүгө ниеттенген.
Эко-жолугушуу аяктагандан кийин мугалимдер экология темасына китептер, мотодикалык иштеп чыгуулар, плакаттар жана окуу куралдары түрүндө белектерди, ошондой эле экология жана эко-тарбиялоо боюнча тартылган видеороликтерди алды.
21- жана 25-ноябрда өткөн эко-жолугушуулар «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында ушундай иш-чараларга бир нече жолу катышып жаткан мугалимдерде болуп көрбөгөндөй кызыгууну жана жакшы сезимдерди пайда кылды.
Эске сала кетсек, Кристенсен Фонду колдогон эко-долбоордун алкагында «Экология боюнча лекторий» Бишкек шаарынын мектептеринин табигый илимдер мугалимдери үчүн 2016-жылдын январынан тартып 2016-жылдын ноябрына чейин айына бир жолу өткөрүлүп турду, бул эко-тематикасы боюнча ар кандай лекцияларды, интерактивдүү презентацияларды жана демонстрацияларды билдирет.
"Космопарк" РЦда өткөрүлгөн эко-жолугушуу «Лекторийдин» жыйынтыктарын чыгарып, ошону өзү менен өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжаларын белгиледи жана катышуучулардын үн кошууларын алды.
2017-окуу жылында эко-долбоорду улантуунун алкагында мугалимдер үчүн Лекторийди улантуу пландаштырылып жатат.
Презентации: