ЖМК биз жөнүндө: Мектептин айланасын жашылдандыруу. 2 жылдын ичинде 30 000ден ашык көчөт отургузулду

December 5, 2016, 06:00

«Жашыл Бишкек: мектептин айланасын жашылдандыруу» экологиялык акциясы эки жылга созулду. Көчөттөрдү отургузуу 2015- жана 2016-жылдары жаз жана күз мезгилинде өткөрүлдү. 31 349 көчөт отургузулду.

 

Бак-дарактарды отургузууга жогорку жана кенже класстардын окуучулары катышты. Бактарды отургузуп, жогорку класстардын окуучулары аларды кенже класстардын окуучуларына кайтарууга жана камкордукка алууга өткөрүп берди, бул аларда бак-дарактар жана мектеп, ошондой эле туулуп-өскөн жердин курчап турган чөйрөсү үчүн жоопкерчилик сезимин пайда кылат.

 

Белгилеп кетүү керек, ар бир акциянын алдында мектептин айланасындагы участокторду эксперт-эколог карап чыкты жана көчөттөрдү туура отургузуу жана багуу боюнча сунуштамаларды берди, ошондой эле алардын зарыл саны аныкталды.

 

«Жашыл Бишкек: мектептин айланасын жашылдандыруу» экологиялык акциясы борбор шаардын мектептеринде 2015-жылдын жазынан тартып өткөрүлүп жатат. 2016-жылдын аягына карата борбор шаардын 81ден ашык мектебинин, анын ичинде балдар билим берүү борборлорунун айланалары жашылдандырылды.

 

2016-жылдагы экологиялык акция «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү республикалык фондунун колдоосу менен өткөрүлүп жатат.