КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева ЮНЕСКОнун Махатма Ганди атндагы тынчтык жана туруктуу билим үчүн билим берүү боюнча институтунун Жетектөөчү Кеңешинин жылдык чогулушунун ишине катышты
December 6, 2016, 06:002016-жылдын 2-3-декабрында Дели шаарында (Индия) КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева ЮНЕСКОнун Махатма Ганди атндагы тынчтык жана туруктуу билим үчүн билим берүү боюнча институтунун Жетектөөчү Кеңешинин жылдык чогулушунун ишине катышты.
Институт туруктуу өнүгүүнүн, атап айтканда, сапаттуу билим алуу үчүн жаңы педагогикалык өбөлгөлөрдү жана методологияларды түзүүдө туруктуу өнүгүүнүн 17 глобалдык максаттардын ичинен бирине жетишүүдө БУУга мүчө өлкөлөргө жардам берүүнү өзүнүн милдети деп эсептейт. Биз жашап жаткан мыкаачылыктын, жаңжалдардын жана согуштардын дүйнөсү азыр билим берүү системасын радикалдуу өзгөртүүнү талап кылат. Глобалдык жарандыкка, тынчтыкка жана туруктуу өнүгүүгө окутууга муктаждык бүгүнкү күндө болуп көрбөгөндөй курч турат.
Караңыз: www.mgiep.unesco.org