Роза Отунбаева:"бир дарак өстүрсө, ал төрт адамды кычкылтек менен камсыз кылат"

April 8, 2013, 06:00

"Жашылдандыруу" фонду менен экс-президент Роза Отунбаева "Ата-Түрк" паркында жарым гектар жерге 400 түп көчөт отургузду. Көчөт отургузуунун демилгечиси жана уюштуруучу Отунбаеванын айтуусунда, быйыл Кыргызстанда эки чоң экологиялык маанилүү иш-чара өтөт. Биринчиси илбирстерди коргоо боюнча эл аралык конференция, экинчиси КМШ өлкөлөрүндө экологиялык маданияттын жылын белгилөө боюнча эл аралык конференция. Отунбаеванын белгилөөсүндө, бир дарак өстүрсө, ал төрт адамды кычкылтек менен камсыз кылат. Жашыл шаарда экология таза болуп, туристтердин саны да артат. Ата-Түрк паркына тиешелүү бул жер буга чейин талаш болуп, кийин Бишкек мэриясы өзүнө алган. 

 

Экс-президент Роза Отунбаева : " Ата-Түрк паркты биз адйыма эле угуп жүрөбүз. Тигил курулуп атат, бул курулуп атат деп. Ушундай негитивдүү фактыларды гана билип жүрөбүз. Бүгүн болсо биз ушул тал-дарактарды отургузабыз деп максат кылып, аны ишке ашырып жатабыз".