2016-жылдын декабрына иш-чаралардын дайджести
November 30, 2016, 06:00«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын
2016-жылдын декабрына
иш-чараларынын дайджести
12-ДЕКАБРЬ – «Өткөндөгүнү коргоо менен келечекке дем беребиз» көргөзмөсү
Качан: 12-ДЕКАБРДАН 30-ДЕКАБРГА чейин
Кайда: РФнын биринчи Президенти Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык Славян университети
Ага Хандын Өнүктүрүү Тармагынын өкүлчүлүгү «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен бирдикте уюштурган «Өткөндөгүнү коргоо менен келечекке дем беребиз» көргөзмөсү
Телефон: 0555004240 (Эшик ачык)
16-ДЕКАБРЬ – Поэзия кечеси
Качан: 16-ДЕКАБРЬ 17.00-18.30
Кайда: Улуттук филармониянын Кичи залы
Бурулкан Сарыгулованын поэзия кечеси.
Эшик ачык
Телефон: 0772800376
18-ДЕКАБРЬ - Кайрымдуулук концерти
Качан: 18-ДЕКАБРЬ. Башталышы саат 14:00.
Кайда: Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы, Кичи зал
Мекендештерден кайрымдуулук концерти. АКШдан фортепиано дуэти.
Катышуучулар: Клара Чотоева-Фреи (Кыргызстан) жана Темиржан Ержанов (Казакстан)
Телефон: 0703416049
20-ДЕКАБРЬ - «Кышкы жомок» концерт- презентациясы
Качан: 20-ДЕКАБРЬ 11.00-12.00
Кайда: Балдар филармониясы
«Кышкы жомок» концерт- презентациясы, программада «Муз жүрөк» («Холодное сердце») мультфильминен, «Үйдө жалгыз» («Один дома») фильминен музыка, көптөгөн башка кызыктуу музыкалык номерлер жана дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүнүн музыкалык рождество салттары жөнүндө маалымат бар.
Билеттин наркы 100 с
Телефон: 0772800376
20,21,22-ДЕКАБРЬ - «Менин жашыл досум» эко-акциясы
Качан: 20,21,22-ДЕКАБРЬ (шейшемби, шаршемби, бейшемби)
Кайда: 1) №1 А. Каниметов атындагы гимназия-жатак мектеби
2) «Үмүт-Надежда» балдар реабилитациялоо борбору
3) Жетим балдар жана ата-энесинин кароосу жок калган балдар үчүн Т.Молдо атындагы №71 жалпы билим берүүчү жатак мектеби
Акциянын максаты – балдардын экологиялык ишке кызыгуусуна дем берген шарттарды түзүү, жатак мектептердин жана реабилитациялоо борборунун тарбиялануучуларынын чыгармачыл жана интеллектуалдык дараметин ачуу, балдарды гүл өстүрүү боюнча практикалык ишке тартуу.
Иш-чара «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат, анын максаты четте туруп байкоо жүргүзүүчүнүн позициясынан экологиялык акциялардын, конкурстардын жана башка иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позициясына өтүү аркылуу балдарда жана жаштарда экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу болуп саналат.
Иш-чараны «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте уюштурду.
Телефон: 660368, 0556 205305, bilimfest2@roza.kg
Апта сайын жума күндөрү - "Гений" радиоберүүсү
Качан: ар бир жума күнү 13:30 - 14:00
Кайда: Биринчи Радио
Телефон: Тел. 0552 600 738, asanasyl@gmail.com