Семинар жемиштүү жыйынтыкталды

November 28, 2016, 06:00

25–27-ноябрда Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук Фонду тарабынан уюштурулган тестиер жана өспүрүм курактагы балдарды интеллектуалдык өнүктүрүү багытында маданий жана көркөм чыгармачылык өнөр жаатындагы «Искусство жана маданият балдарга: жөнөкөй, кызыктуу, жеткиликтүү» / «Искусство и культура детям: просто, интересно, доступно» деген темадагы кызыктуу чыгармачыл-долбоордук семинар болуп өттү. Семинар Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын Элчилиги тарабынан колдоого алынган «Искусство жаатындагы аялдарды колдоо» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.


Семинардын максаты: 1) долбоорлоого үйрөтүү; 2) маданият жана искусство чөйрөсүндөгү менежменттин негиздери менен тааныштыруу; искусствону жана маданиятты балдар жана жаштар арасында түшүнүктүү болгудай даражада жайылтуу болгондуктан, бул семинарга тестиер жана өспүрүм курактагы балдарды маданий, искусство, чыгармачылык жана интеллектуалдык жактан өнүктүрүү жаатындагы чыгармачыл идеясы бар жана долбоордук иштерди жүргүзүүгө кызыкдар инсандар катышты.


Семинардын тренерлери Москва шаарындагы (Орусия Федерациясы) «Музейные решения» чыгармачыл тобунун эксперти, «Музейлердин ишмердүүлүгүн автоматташтыруу жана маалыматтык технологиялар» коммерциялык эмес өнөктөштүгүнүн Президиумунун мүчөсү Александр Артамоновдун, социалдык жана экономикалык илимдердин Москвада шаардык жогорку мектебинин социалдык-маданий долбоорлорду башкаруу факультетинин окутуучусу Мария Крупниктин үч күн бою жасаган көрсөтмө берүүчү лекциялык баяндамалары көрсөтмөлүү жана абдан кызыктуу болду.


Семинардын катышуучулары социалдык-маданий долбоорлордун негиздерин, методдорун жана формаларын, долбоордук ресурстар жана аларды жүзөгө ашыруунун механизмдерин, долбоордун жана бизнес-пландын типтүү түзүмдөрүн өздөштүрүштү; Кыргызстандын маданий мекемелеринин көйгөйлөрү тууралуу ой бөлүшүштү; ал тургай, 7 долбоордук иш иштелип чыгып, презентацияланды. Алардын баардыгы жалпы талкууланып, оңдоолор жана түзөтүүлөр киргизилди. Натыйжада колдонууга боло турган долбоордук бизнес-пландар даяр болду. Ошентип, бул үч күндүк чыгармачыл-долбоордук семинар өз ишин жемиштүү аяктады.