Кеч күздөгү көчөттөр мектептерге көрк берет
November 24, 2016, 06:00«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун алдындагы «ГЛОБАЛДУУ ОЙ ЖҮГҮРТ, ЧӨЛКӨМДӨ АРАКЕТТЕН: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» долбоорунун алкагында 2015-2016 жылдарда Бишкек шаарынын 80 ашуун мектеп жана мектепке чейинки билим берүү борборлорун, ошондой эле жогорку окуу жайлардын айланасын жашылдандырууга багытталган «Жашыл Бишкек: мектептин айлана-чөйрөсүн жашылдандыруу» эко-акциясында 31349 көчөт отургузулду. Эки жыл ичинде тиешелүү кеңештерди берүүдө эколог Э. Шүкүровдун жетекчилигинин алдындагы атайын адистердин тобу иштеди.
«Жашыл Бишкек: мектептин айлана-чөйрөсүн жашылдандыруу» акциянын координатору Данияр Сүйүндүк уулунун берген маалыматына таянсак, долбоордун 2016-жылы 22-октябрда өткөн акыркы күзгү акциясына күн сууктап калганына карабастан, Бишкек шаарындагы 28 мектебиде өткөн. Бул экологиялык акцияга бардык мектептер активдүү катышышты. Күзгү акция борбор калаадагы №66 орто мектебинде өтүп, бир жума бою башка мектептерде уланган. Жогорку класстардын окуучулары күрөктөр менен чакаларды колго алып жана экология боюнча адистин көзөмөлүнүн астында мектеп аймактарында көчөттөрдү отургузушту.
Акциянын башкы максаты — мектептердин аймактарында жагымдуу микроклиматты түзүү болуп саналат, анткени мектептин аймагын жашылдандыруу ар кандай мектептин жанындагы участокту көрктөндүрүүнүн милдеттүү курамынын бири болуп эсептелет. Андан сырткары мектептин айланасын жашылдандырууда, келечекте чоңойгон көчөтөр чаңдан жана табигый кубулуштарынан сактап калуу болуп саналат.
Акциянын координаторлорунун айтымында, бактарды отургузган соң, жогорку класстардын окуучулары аларды кенже класстардын окуучуларынын кайтаруусуна жана камкордугуна өткөрүп беришкен.
- Бул аларда адегенде мектептин жанындагы бактар үчүн, андан кийин туулуп өскөн жердин бүткүл жаратылышы үчүн жоопкерчилик сезимин жаратат. Бардык иштер экологдордун сунуштамаларын эске алуу менен жүргүзүлдү, алар участокторду карап чыкты жана көчөттөрдү туура отургузуу жана багуу боюнча кеңештерин берип, ошондой эле алардын зарыл санын аныктады. Көчөттөр климаттык шарттарды эске алуу менен отургузулган, алар жакшы өсүп кетишин камсыз кылат. Кеч күздө зараң, дичка өрүк жана алма, жийде жана каштан, ошондой эле жашыл тосмо – декоративдүү, үндү басуучу жана чаңды чогултуучу өсүмдүктөр отургузулду. Күзүндө көчөт отургузуунун жакшы жактары бар. Көчөт отургузууну жалбырактар түшкөндө же саргайганда жүргүзүү абдан маанилүү. Ошондо бактарда жалбырактар аркылуу ным бууланып кетүү процессси азаят, тиешелүү түрдө жашап кетиши жакшырат, көчөттөр дурус тамыр жаят, — дейт акциянын координатору Данияр Сүйүндүк уулу.
Күзүндө көчөт отургузууда көйгөйлөр болбой койбойт. Биринчиси — бул суук. Экинчиси — жайдын ысыгында куурап калуу коркунучу да бар. Ошондон улам отургузулган бактарга кылдаттык менен көз салуу зарыл.
- Бизде шаардык Билим берүү башкармалыгы жана Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ортосунда келишим түзүлгөн. Документке ылайык, мектеп ар бир көчөт үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Өсүп кетиши 70 пайыз чегинде болууга тийиш, антпесе мектеп зыяндын ордун акчалай каражат менен толтурууга тийиш, — дейт координатор.
Айтмакчы, «Балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» долбоорунун алкагында 2015-жылдын эки этаптык көчөт отургузуу акциялары өтүп, алар ар жылы күз жана жаз мезгилде өткөрүлүп келген. 2016-жылдын аягына карата борбор шаардын сексенден ашык мектептин аянты жашылдандырылды. Бул иш-чара Кристенсен фондунун колдоосунда «ГЛОБАЛДУУ ОЙ ЖҮГҮРТ, ЧӨЛКӨМДӨ АРАКЕТТЕН: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоордун алкагында өттү. Ошондой эле эко-акцияны өткөрүүдөгү өнөктөштөр: Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Бишкеке шаардык билим берүү башкармалыгы, KICB, Ага-Хан өнүктүрүү боюнча уюму жана Эко-полис компаниясы.