«Көркөм өнөр жана маданият балдарга: жөнөкөй, кызыктуу, жеткиликтүү» долбоордук-чыгармачылык семинарынын пресс-релизи
November 21, 2016, 06:00«Көркөм өнөр жана маданият балдарга: жөнөкөй, кызыктуу, жеткиликтүү»
долбоордук-чыгармачылык семинарынын пресс-релизи
Бишкек, 2016-жылдын 25-27-ноябры
Г. Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейи, экинчи кабат
Баласы бар ар бир адам Бишкекте дем алыш же каникул күндөрү балдарга кандайдыр-бир кызыктуу нерселерди сунуш кылуу кыйын экенин билет.
«Музейдеги уик-энд» программасы бар Көркөм сүрөт музейин кошпогондо, балдар үчүн театр оюн-зооктору, музейлерде балдар программалары жок. Балдардын ар түрдүү билим берүүчү формалары жана форматтары, өнүктүрүүчү, илимий программалар жок. Борбор шаардагы ийгиликтүү долбоорлордун ичинен БИК долбоорун – балдар үчүн илимий-билим берүүчү борборду, Суу музейин, «Ололо» арт-студияны, менталдык арифметика борборлорун белгилөөгө болот.
Ошондуктан биз маданият, көркөм өнөр, чыгармачылык, балдарды интеллектуалдык өнүктүрүү, балдар/үй-бүлөлүк эс алууну уюштуруу жагынан балдар үчүн ой-максаттары/долбоору барлардын бардыгын «Көркөм өнөр жана маданият балдарга: жөнөкөй, кызыктуу, жеткиликтүү» долбоордук-чыгармачылык семинарына чакырабыз, ал 2016-жылдын 25-27-ноябрында өтөт.
Семинар Швейцариянын КРдагы элчилиги колдогон «Көркөм өнөрдөгү айымдарды колдоо» долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат.
Семинардын максаты: 1) долбоорлоого үйрөтүү; 2) маданият жана көркөм өнөр чөйрөсүндөгү менеджменттин негиздери менен тааныштыруу; 3) балдар жана жаштар арасында көркөм өнөрдү жана маданиятты даңазалоо
Семинардын машыктыруучулары:
Артамонов Александр Алексеевич, Москвадагы музейлик өнүктүрүү борборунун жетектөөчү талдоочусу, «Музейные решения» чыгармачыл тобунун эксперти
Крупник Мария Владимировна, Москвадагы социалдык жана экономикалык илимдер жогорку мектебинин социалдык-маданий долбоорлорду башкаруу факультетинин окутуучусу.
Катышуучуларга талаптар:
1) Катышуучу алынган билимдерди кандай пайдаланууну пландаштырып жаткандыгы жөнүндө маалыматы бар жүйөлөштүрүлгөн кат.
2) Балдар үчүн ой-тилектердин же долбоорлордун кыскача баяндамасы.
3) Көрүүчүлөр/келүүчүлөр үчүн, өзгөчө балдар аудиториясы үчүн жаңы программаларды/долбоорлорду түзүүгө күчтүү жүйө, ой-максаттар жана ниет. Долбоор жагынан өзүнүн идеясынын болушу кубатталат.
4) Катышуу акысыз.
Маалымат үчүн телефондор: 660 384, катышууга өтүнмөлөрдү жана долбоордук ой-тилектерди төмөнкү электрондук дарек боюнча: asel.djakypbekova@gmail.com office@roza.kg же төмөнкү дарек боюнча жөнөткүлө: Чүй пр. 106, каб. 108
Силердин оюңар жана биздин биргелешкен күч-аракеттерибиз шаарыбызды өзгөртүп, балдарды өнүктүрүү үчүн көптөгөн жаңы, кызыктуу билим берүүчү формаларды жана форматтарды, чыгармачылык аянтчаларын түзүп, шаардын маданиятын, театрларды, музейлерди, бий мектептерин жана азыркы көркөм өнөрдүн башка түрлөрүн сапаттык жактан жогорулата алат.