«Жылдыздар балдарга китеп окуйт» акциясынын коногу Кыргыз Республикасынын Эл артисти Каныкей Эралиева болду

November 15, 2016, 06:00

Ушул жылдын 12-ноябрында «Жылдыздар балдарга китеп окуйт» долбоорунун алкагында КР Эл артисти Каныкей Эралиева Бишкек шаарындагы Ак-Ɵргѳ кичи районундагы №84 – орто мектебинде болду. Ал башталгыч класстын балдары үчүн «Роза Отунбаеванын Демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Кендирбаева Догдуркулдун «Ынтымак сыры» аттуу китебин балдарга окуп берди. Жолугуушунун аягында КР Эл артисти К.Эралиева балдар менен китептеги каармандар жѳнүндѳ, ар улуттун ѳзгѳчѳлүктѳрү жана достугу жѳнүндѳ ой бѳлүштү. Ошондой эле К.Эралиева балдар менен чогуу өзүнүн «Жаны жыл» жана «Акыркы конгуроо» атуу ырларын ырдап берди.