Аудиттен ийгиликтүү өтүү
November 16, 2016, 06:00Биз быйылкы жылы «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондубуз Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) шайкештик жагынан аудиттен ийгиликтүү өткөнүн урматтуу өнөктөрүбүзгө маалымдоого куштарбыз.
Быйылкы жылы биз «чоң төрт» аудитордук компанияга кирген дүйнөдөгү ири аудитордук компаниялардын бири Ernst &Young менен иштедик.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй корутунду алынды: «Финансылык отчеттуулук бардык олуттуу аспекттерде 2015-жылдын 31-декабрына карата Фонддун финансылык абалын, ошондой эле Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык көрсөтүлгөн датага карата аяктаган анын бир жылдагы финансылык натыйжаларын жана акча каражаттарынын кыймылын ишенимдүү чагылдырат».